Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талгар МАРЛИС уулу, инженер-программист: «Amazon жана Microsoft компанияларынан жумушка сунуш түштү, мен бирөөсүн тандадым»

Талгар МАРЛИС уулу, инженер-программист: «Amazon жана Microsoft компанияларынан жумушка сунуш түштү, мен бирөөсүн тандадым»

18-ноябрь, 17:55
1 242 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бала кезинен эле Аргентина, Голландия ж.б чоң мамлекеттерде математика боюнча биздин өлкөбүздүн намысын коргоп жүргөн, азыр дүйнөдөгү чоң компаниялардын бири Амазондо инженер-программист болуп иштеп жаткан Талгар Марлис уулу менен маек курдук. Бул компанияда эмгектенип, бир эле программалоо менен алектенбей, экономика, социология ж.б. көп сфераларды өздөштүрүп жаткан Талгардай уулдарыбыз менен сыймыктанып, андан жаштар үлгү алышы керек. 


– Алгач өзүң тууралуу кенен айта кетсең, бала кезиң кайда өттү? Бул тармакка кызыгууң кандай ойгонду?

– Менин бала кезим Кочкор жана Нарын шаарларында өткөн. 1-класстан 3-класска чейин Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы гимназияда окугам. 10 жашымда үй-бүлөбүз менен Нарын шаарына көчкөнүбүзгө байланыштуу кийинки жылдары Нарында окугам. Ошол кездери байкем Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинде алдыңкы окуучулардан эле. Мен дагы «лицейде окуйм, математик болом» деген максат менен 4-класстан баштап мектептеги китептерде болгон көнүгүүлөрдү калтырбай чыгарчумун.

Апам кичине кезибизден эле «балдарым жакшы билим алсын» деп умтулган. Өзү инженер-гидротехник болуп эмгектенчү. Ал убакта лицейге окутуш үчүн каражат көп кетчү эле. Мен байкемдей жеңилдик алып окуганды самап, 2007-жылы жүз пайыз жеңилдик менен өттүм.  

2012-жыл мен үчүн өтө эле көп окуяларга толгон жыл болду. Анткени олимпиадалар менен бирге SAT (Scholastic Aptitude Test), ЖРТ (жалпы республикалык тестирлөө) тесттерине даярданып жүрдүм. Лицейди ийгиликтүү аяктагандан кийин SAT жана ЖРТ тесттерден жогорку балл алгандыгым үчүн Түркиядагы Билкент университетине компьютердик инженерия факультетинде бекер окууга мүмкүнчүлүк алдым. 

– Программист болгонго негизи тубаса талант керек го, сенде бала кезде эле шык болсо керек?

– «Эмгек талантты жаратат» деген макал эсиме келе түштү. Менин оюмча, канчалык таланттуу болсоң да, тынымсыз билим алып, өзүңдү өнүктүрүү үчүн аракет жасабасаң, пайдасы болбойт. Лицейди бүтөр алдында кандай адис болсом (?) деген ойлор келген. Ал кезде жаңы телефондор чыгып, интернет күч алып аткан кез эле. Мен ошондо технология бул келечек экенин билип, ушул тармакка көңүл буруп, компьютердик инженер болуу чечимине келдим. Ал жактан билим алуу мен үчүн өтө оор көрүнгөн, себеби, ал тармактан эч кандай түшүнүк жок эле. Бирок ишенип программалаштыруу, IT технологияга тийешелүү баардык сабактарга көңүл бурдум. Болгон аракетимди билим алууга жумшадым. «Кептин баары талантта» деп айтуу туура эмес, анткени аракет менен баардык нерсени үйрөнүп кетсе болот. Жөн гана талыкпас эмгек керек.

– Мындай чоң компанияга ишке киргенге чейин кандай жолдорду басып өттүң? 

– Билкент университетин аяктаган соң дароо эле Анкара шаарындагы ProMIS атындагы жеке компанияга инженер-программист болуп аттандым. Ал компанияда көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштеп, менден да кыйын адистерден тажрыйба алдым. Ошол эле убакта көптөгөн Startup долбоорлор менен алектенип жана көбүрөөк стажировка кылганга аракеттенчүмүн. Ал жерде эки жыл иштедим. Дагы өнүккөнгө максат коюп, дүйнөдөгү чоң компанияларга кайрыла баштадым. Алар Facebook, Google, Amazon, Microsoft Apple жана башкалар. Компаниялар маектешүүгө сени чакырыш үчүн резюмеде көптөгөн тажрыйба жана долбоорлоруң болушу керек. Жумасына 3-5 интервьюга чейин кирген күндөрүм болгон. Чон IT компанияларда инженер-программист болуу үчүн 7-8 интервьюдан өтүү керек. Алар үч этапка бөлүнөт. Ар бир этаптан кийин кийинки этапка «өттүң» же «өтпөдүң» деп маалымат берилет. Үч этап бир айга жакын убакытты алат. 

Бул бир эле жумуш орунуна болгон убакыт. Ал жумуш менен бирге башка да 4-5 жумуш ордуна тапшырып, интервьюларга кирчүмүн. Акырында Amazon жана Microsoft компанияларынан жумушка сунуш түшүп, мен «Амазонду» тандадым.

Көптөгөн адамдар «чоң компаниялар профессионал адамдарды эле жумушка алат» деп ойлосо керек. Мен дагы ошондой ойлочумун. Бирок, бул андай эмес. Мындай дүйнөлүк чоң компаниялар берген тапшырмалары менен адамдардын ой жүгүртүүсүн текшерет жана аз тажрыйбасы болсо дагы өзү үйрөнүп, жумушту так аткарып кете турчу адамдарды карайт. Ошондуктан мындай компанияларга ар ким эле жумушка кирсе болот. Убакыт жана аракет кылуу керек.

– Азыркы ишиң тууралуу айтып берсең?

– «Амазон» компаниясы учурда ар кайсы тармакта көптөгөн иштер менен алектенет. Алардын бири ATS (Amazon Transportation Services) – Европадагы мыкты логистикалык кызматтарды аткарат. Мурда «Амазондон» заказ болгон товарлар кардарларга DHL жана Fedex сыяктуу (курьердик) компаниялар тарабынан колдоруна жеткизилсе, азыркы учурда алардын көбүн ATS камсыздайт. Мен болсо «Амазондо» АTS тарабында инженер-программист болуп иштейм.   

– Азыр жакшы заманда жашап жатабыз. Убактыларын бошко кетирген, жетилип келе жаткан муунга кандай кеңештериң бар?

– Учурда билим алуу өтө оңой жана арзан. Каалаган ишти мыкты үйрөнүп кетсе болот, ага себепкер интернет тармагы. Көп маалыматты изилдеп туура колдонсо, көп нерсеге жетсе болот. Биринчи эле бул – тил үйрөнүү (!) деп эсептейм. Кайда барсаң да коммуникация керек. Эгерде чет тилдерди көп үйрөнүп жана мыкты сүйлөсөң, бул бир көйгөйдөн өйдө турганың. Мен университетте окуп жүргөндө китеп сатып алуу өтө кымбат эле. Ошондуктан интернеттен таап, китепканадан ресурстарты издеп окуганга аракеттенчүмүн. Бош убактымда программа жазуу тилдерин үйрөнчүмүн. Азыр бүт программа тилдерин оңой жана көйгөйсүз колдоно алам. Мыкты адистердин блогдорун окуп, дегеле дүйнөдө эмне жаңы нерсе пайда болуп аткандыгына күнүнө бир сааттай убакыт бөлөм. Көңүл бөлүп, күнүнө бир саат жаңы нерсе окусаң, бир жыл ичинде университеттин бир семестрин бүтүргөнгө тете. Бул чоң тажрыйба жана өзүңдүн келечегиңе кошкон салым.

– Кыргызстанда жакшы каражат табууга мүмкүнбү?

– Албетте, мүмкүн. Бишкекте инженер-программист болуп иштеп, 500-1500 долларга чейин айлык алса болот. Менин оюмча, Кыргызстанда мындай акча менен кенен жашаса болот. Кыргызстанда азыр IT тармагында көптөгөн бизнестер жана долбоорлор бар. Биздин өлкө акыркы жылдары санариптештирүүгө көптөгөн акча жумшап жатат деп билем. Ошол эле учурда өнүккөн өлкөлөрдө кездешкен көптөгөн IT долбоорлор Кыргызстанда азырынча жок. Демек, дагы эле өнүгүүгө муктаж жана ушул тармактарды өнүктүргөнгө көптөгөн адистер керек.

Менин да келечекте Кыргызстанга кайтып келүү максатым бар. Азырынча жөн гана тажрыйба алуу жолундамын. Кийин өлкөбүзгө салым кошкум келет. Албетте, ошого байланыштуу кийин кайтып келгенимде аткара турган бир нече долбоорлор оюмда бар. Аны убакыт көрсөтөрүнө ишенем. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити





Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер