Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрзак Төлөбеков: “Манас” фильмине Джейсон Момоа, Брэд Питт, Энгин Алтан, Дуэйн Джонсон чакырылмакчы”

Өмүрзак Төлөбеков: “Манас” фильмине Джейсон Момоа, Брэд Питт, Энгин Алтан, Дуэйн Джонсон чакырылмакчы”

25-март, 19:30
448 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өмүрзак мырза, “Манас” фильмин Голливуд, Түркия, Франция биргелешип тартмак болуп, башкы ролдорго дүйнөлүк киножылдыздар чакырылары тууралуу жаңылык коомчулукта зор талкуу жаратууда. Соцтармактарда миллиондогон көрүү (просмотр), жүз миңдеген кубаттоолор (лайк) катталууда.

-- Былтыр адегенде Америкада “Манастын уулу Семетей” тасмабызды көрсөтүп, “Манас” көркөм фильмибиздин сценарийин талкуулап, Голливудда жүргөнүбуздө мекендештерибиз кубанышкан, “Манасыбызды” качан Голливуд тартып, дүйнөгө дүң болот!” деп кыялданчу элек” дешип. Анан Европадагы кандаштарыбыз ушундай жалындуу кептерди айтышкан. Эми Кыргызстаныбыздан кубаттоолорду угуп, кубануудабыз. Жамы журттун колдоосу, деми менен буюрса, улуу эпосубуз ааламга жар салынса деген тилектебиз.

-- Манастын ролун Голливуд жылдызы ойномокчубу?

-- Джейсон Момоа, Брэд Питт, Энгин Алтан, Дуэйн (“Скала”) Джонсон каралып атат. Ушул жылдыздардын бири Манас, экинчиси Бакай, үчүнчүсү Алманбет бабаларыбыздын, төртүнчүсү Коңурбайдын ролун аткарса деген ниеттебиз.

-- Алардын гонорарлары абдан жогору го. Ага биздин чама чак келер бекен?

-- Голливуддун супер жылдыздарынын ар биринин акысы 15-30 миллион доллардан. Аны Кыргызстан эмес, эл аралык ири корпорация каржыламакчы.

-- Кыргыз актёрлор да катышабы?

-- Сыргак, Чубак, Эр Төштүк, Ырчы уул, Кыргыл бабаларды кыргыз, Көкчөнү казак, Темирканды өзбек актёрлору аткарса деп турабыз.

-- Режиссёру ким бомокчу?

-- Голливуддун абройлуу режиссёру.

-- Тасма Кыргызстанда, Алтайда, Кытайда тартылабы?

-- Кыргыз жерлерин, табиятын тартып, Голливуд павильонунда жасоо, Алтайдагы окуяларды Түркияда, Манас бабабыз Анжиянды, Кичи Бээжинди чапканын Стамбулдагы павильондордо тартуу болжонууда. 

-- Жалпы канча убакытта тартылмакчы?

-- Болжолу эки жылда.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер