Кучакка толо турган дене-мүчөңдү жактырдым...
(Ырчы Асел КАСЫМОВАга!)
Бою пас, арык кыздарды кучактасаң моокум канбай, бир кызыктай кыжалаттыкта каласың го. Экинчи андайларга жолукпаганга аракет кылуу ой пайда болот... Бул жагын эске салганымдын себеби, жакында бир сулуу менен эс алып, кафеде таң аткыча чер жаздым. Ал кыз сени тааныйт экен Асел, жылуу маанайда ойлорун ортого салып, өзүңдү мактап отурду. Мен дароо эле Инстаграмдагы сүрөттөрүңдү барактап, сага болгон көңүл кушу ойгонгонун жашырбай, колума калем алып, ушул арзуу катты жазууга бел байладым. Бой-келбетиң көркөм, ажарлуу жан экенсиң. Кучакка толо турган дене-мүчөңдү сыдыра карап атып, чын эле жактырып калдым эй! Ырдаганың, назданганың, баары менин табитиме туура келди. Сени сураштырсам, “Ошто жүрөт” дешти. Жакында жолугууну самап, жакшы шартта таанышууну пландап койдум. Эгер жылдыздарыбыз төп келишсе баш кошуп алсак не? Бирок, ырчылыгыңды таштап, башка ишке өтүүгө туура келет. Келечекке карай сонун пландар бар. Буюрса, мен колдон келишинче аракет кылам. Сен көп бала төрөгөн эне болуп, бактылуу болсоң (!) деген кыялдамын...