Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сагын Акматбекова: “Болот Шер өлгөндөрдүн да сөөгүн агартчу”

Сагын Акматбекова: “Болот Шер өлгөндөрдүн да сөөгүн агартчу”

22-июнь, 13:19
1 207 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыйырлуу кыргыз дагы бир кыраан уулунан айрылды. Атына заты жарашкан Болот Шер дүйнөдөн өттү. Анын дүйнөдөн өткөнүн угуп, менин да кабыргам кайышып туру.

-- Учурунда айтылуу журналист, акын, маркум Алым Токтомушев бир интервьюсунда минтип айтканын окугам: “Болот Шерниязов сөздүн түптүз маанисинде шер дегендей жигит. Кимдерге гана жардам бербеген. Анын ичинен мага да көп жардам берди”. Ооба, Алым дүйнөдөн кайтканда дагы Болот Шердин жардамын көрдү. Анын сөөгү Шер жигиттин көмөгү менен жерге берилгенин жакындарынан уккам.

Ошентип Болот Шер тирүүлөрдүн гана эмес өлгөндөрдүн да сөөгүн агартчу иштерди жасады. Башкасын коюп, өзүм көрүп-билген иштерин айтайын. Баардык кыргыз баласы барктап-баалаган акын Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыкты уюштуруп, быяктагысынан баштап, тияктагы алтайлык боордошубуз Боронтойго чейин ыйгарды. Ошол эле маалда ал сыйлык мага да тапшырылды, акчасы, Байдылда Сарногоевдин сүрөтү чегилген алтын медалы менен. Мен үчүн күтүүсүз жана өтө ардактуу сыйлык болду. Маңдайым жарыла сүйүндүм. Ананчы?! Улуу акын Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыкты алуу насиби ар кимге эле туш келе бербейт эмеспи. 

Учурунда бир жолу үйүнөн чай ичип калдым. Ошондо дубал, дубалында тирелген ар түркүн китептерди көрүп, көзүм чачыраган. Китеп анча баркталбай калган заманда бул эки эсе таңкалычтуу эле. Анын өнөрлүү, шыктуу кишилерге айрыкча күйүмдүү жана кайрымдуу болгону бекеринен эмес экен. Ушу жерден анын дагы бир жакшы иши жөнүндө айта кетпесем болбос. “Ли Бай” эл аралык фонддун атынан Ли Бай ырлары топтолгон китепти (кыргызча котормосун) жарыкка чыгарып, кызыккан окурмандарга жана студенттерге акысыз таратты. Ал китепке башка кыргыз акындарынын катарында менин дагы котормом кирген.

Кайгылуунун кайгысын көтөрүшкөн, кубангандын кубанычын бөлүшкөн, калкка калка, алсызга арка болгон кайран Шердин сөөгү өзү керээз кылган Чоң Капкасынын топурагында жай жатсын, арты кайырлуу болсун. Үй-бүлөсүнө, жакындарына, агасындай айкөл Садык Шер-Нияз инисине көңүл айтам. 


“Рухеш” сайты

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер