Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билим берүүнүн “билигин” кантип көтөрөбүз?

Билим берүүнүн “билигин” кантип көтөрөбүз?

14-октябрь, 14:03
1 437 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү маселеси бир гана жаш муунду тарбиялоо болуп эсептелбестен, биринчи кезекте мамлекеттин келечек коопсуздугун камсыз кылуу маселеси экендигин билебиз. Мисалы, тарыхый булактарда душманын жеңүү үчүн алардын жаш балдарын уурдап кетип, окутуп тарбиялап, өз өлкөсүн талкалоочу күч катарында колдонгон учурларды окуп келебиз. Ошондуктан билим берүү маселесин көчө кыйкырыктары менен сырткы кысымдардын агымдарына таштап, анын көйгөйлөрүн чечүүнү жалгыз министрликке жүктөбөй, мамлекеттин эң алдыңкы күчтөрүн тартуу менен чечилүүчү коопсуздук чарасы катары таанышыбыз зарыл. 

Кантсе да жаңыдан дайындалган билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго депутаттарыбыздын чын дилден каалоо айтып үмүт артып отурганы, мамлекет башчыбыздын мугалимдер күнүнө карата куттуктоо сөзүндө билдирген жылуу пикири, саясый бийликтин билим берүүдөгү башаламандыкты ооздуктап, күн тартибине билим берүүнү мамлекетибиздин социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү багытына буруу зарылчылыгын чечүүнү койгонунан кабар берет. Өткөөл доордо гранттарга, кредиттерге эсирген жетекчилерибиз өлкөнүн экономикалык турумун аныктоочу туруктуу экономикалык булактарга баш оорутпаганы менен гранттар азайып, кредиттерди төлөөчү мезгилге жеткенде саясый бийлик өлкө бюджетин максаттуу жумшап, өлкөнү карызга батырбай, анын өсүп-өнүгүүсүнө фундамент түзүүгө болгон аракети коомчулук тарабынан бааланып турат. Бюджеттин дээрлик 20% сарпталган окутуу системасына да, окутуунун максаты менен андан үмүт кылып күтүлүүчү натыйжа деп көз карандысыз өлкөнүн социалдык-экономикалык базасын кура турган окуучуларды окутуп тарбиялоону айтып, максаттуу реформа жүргүзүү зарыл. Мен да билим берүү системасынын бүгүнкү көйгөлөрүнө байкоочу катары катышпай, билим берүү системасында 40 жылдай эмгектенип, математика боюнча 8 электрондук окуу китептерин жазган окумуштуу-педагог катары билим берүүнү Кыргызстанга пайдасы тийгендей нукка бурууга карата айрым ойлорум менен үн кошууну туура таптым: 

IОрто мектептерде окутулуучу предметтердин санын тактоо керек. Анүчүн Кыргызстанда престиждүү деп аталган орто мектептердин директорлорунан, чет өлкөдөн билим алып, магистр, Ph.D. илимий даражасын алгандардан, IT адистерден, жаңы технологиялар менен иштеген өндүрүш өкүлдөрүнөн, илимий чөйрөдөн турган топтордон окутулуучу предметтердин сунуш-аталыштарын топтоп, жазылган предметтердин окшоштук кайталанышына жараша (электрондук тандоо менен) бир тизме түзүп, билим берүү жана илим министрлигине кароого берүү зарыл. Өкмөт аппараты мамлекеттин жакынкы 20 жыл ичиндеги максат-муктаждыктарына жараша тийешелүү министрликтер (финансы, экономика, энергетика, өндүрүш, миграция, айыл чарбасы ж.б.) менен макулдашылган варианттагы окутулуучу предметтердин тизмесин бекитүүсү керек. Анткени мамлекеттин бүгүнкү менен эртеңки тагдырына өкмөт жоопкер болуп жатпайбы.

II. Бекитилген сабактарга карата окуу китептерин түзүү эки багытка бөлүнүп, биринчи гуманитардык багыттагы окуу китептердин мазмуну мамлекеттик идеологияны, улуттук баалуулуктар менен маданиятты, тарыхты өзүнө сиңирген мазмунда жазылышы зарыл. Мисалы, СССРдин мезгилинде “Ленин таануу” деген сабак болбосо деле, кыргыз тили, адабияты, орус тили, адабияты, тарых сыяктуу сабактар боюнча окуу китептердин материалдары Ленинди, Коммунисттик партияны, социализмди жактаган аңгемелер, окуялар менен коштолуп, сабактан сырткаркы маданий иш-чаралар, пионер, комсомол уюмдары, ийримдер менен эле Ленинди өз атабыздан да жакын деп азыркы пайгамбарларга теңеп, партия жана мамлекет үчүн жанын берүүгө даяр муунду тарбиялоого жетишкенбиз. Демек, окутулуучу предметтер бир гана мамлекеттин экономикалык, саясый эгемендүүлүгүн сактоо менен бүгүнкү ааламдашкан дүйнө агымында жашап кетүүгө жөндөмдүү муунду тарбиялоо максатын көздөп, ичиндеги материалдарга, улуттук баалуулуктарды барктап сактоо, мекенди сүйүү сезимдери сиңирилип, “аны таануу”, “муну таануу” сыяктуу сабактар кыскартылышы зарыл. Мындан сырткары, ата-энелерге балага төрөлгөндүгү боюнча күбөлүк бергенде баласы 6 жашка толгонго чейин үйрөтүүгө тийиш болгон улуттук каада-салт, жашоо маданияты, логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү жомоктор камтылган окуу китептерин даярдап колдоруна берип, дин ишенимдерин калыптандыруу маселесин, ар бир үй-бүлөнүн ыктыярына калтыруу керек. Япон изилдөөчүлөрүн кортундусуна караганда, адамдын негизги кулк мүнөзү менен кыял жоругу беш жашка чейин калыптанып бүтөт экен. Ошондуктан бай тарыхый жолду басып өткөн элибизде бекеринен “баланы жашынан” деп айтып, аларды тарбиялоого көңүл коюп, элдик жомоктор менен эпостор аркылуу мурастап келген турбайбы.  

Экинчи табыгий математикалык багыттагы сабактардын окуу куралдары боюнча илимий-педагогикалык курамда эки башка пикирлер айтылып жүрөт. Биринчиси, “Россиянын окуу куралдарын кыргызча которуп коюу жетиштүү” десе, экинчиси “жергиликтүү шартка ылайыктап өзүбүз жазабыз” дешет. Билим берүүнү уюштуруу да мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан жашыруун сыр болгондуктан, СССР мезгилинде окутуу жалпы элдик жана таланттуулар үчүн ар башка жүргүзүлүп келгенин унута элекпиз. Таланттуулардын мектептеринде көбүнчө тандалган улуттун балдары гана окушуп, алар өлкөнүн өзгөчө муктаждыктарын канааттандыруу үчүн даярдалып келген. Мисалы, СССР ИАсын Сибирь бөлүмүндө прикладдык жана практикалык мааниси бар илимий изилдөө темаларына башка элдин өкүлдөрүн жолотпой, “жыйыныбыз бар” деп жөнөп калганын байкачубуз. Бул традиция азыркы Россияда да уланып жатпайт деп айта албайбыз, анткени бүгүнкү дүйнө менен Россия тирештери Россияны сак болуп сырын ачпоого мажбур кылат. Ошондуктан, табыгий математикалык багыттагы сабактар Россиянын жана Батыш менен Чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүнүн базарларында иштеп кетүүгө, алардан үйрөнүп Кыргызстанда иш уюштурууга жөндөмдүү кадрларды даярдоого ылайыкташтырылып, негизинен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин бере тургандай прикладдык жана практикалык мүнөздө түзүлүп, окуучуларга тандаган тилинде өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жараткандай кыргыз, орус, англис тилдеринде басылышы керек. Окуу китепте окутулуп жаткан предмет аркылуу жашоо тиричилик көйгөйлөрүн чечүү ыкмалары үйрөтүлүп, окуучуларда “Билектүү бирди жыгат, билимдүү миңди жыгат” деген ишеним туула тургандай болушу шарт. 

III. “Бул китептерди ким кантип жазат жана кандай тандалат?” деген суроого жооп издейли. Өткөн кылымдын 50-жылдары кыргыз мектептерде окуу китептердин жетишсиздик маселеси жаралганда, мамлекетти жетектеген Исхак Разаков Кыргыз ИАсына “билишимче, бизде баардык илимдердин тармактары боюнча окумуштуулар бар, алар өз балдарына окуу куралдарын жазып бере албаса, анда аларды кантип окумуштуу деп айта алабыз?” деген мааниде кайрылган экен. Натыйжада кыска аралыкта окуу китептер маселеси чечилип, биз суктанып окуп чоңойгон окуу китептер жазылган экен. Бирок элүү жылда доор алмашып, дүйнө жаңырып, эски окуу куралдар санариптешкен виртуалдык дүйнөнүн жашоо шарттарына шайкеш муунду тарбиялоого чабалдык кыларын көрүп турабыз. Ошондуктан өкмөт Кыргыз ИАсы менен ЖОЖдордун жакынкы эки жылдагы илимий изилдөө темаларын “окуу китептерин жазуу” деп бекитип, ар бир сабак боюнча үч варианттагы электрондук окуу китептерин түздүрүп, ИАнын тил багытындагы тармактары аркылуу грамматикасын, КББАга педагогикалык баалуулугун текшертип, даярдалган китептерди билим берүү жана илим министрлигине жыйнатуу керек. Даярдалган электрондук окуу куралдарын баардык (эркин авторлордун да)  варианттарын электрондук китепканаларга коюп, мектептерге сынап көрүүгө (эки окуу жылга) сунуштоо зарыл. Эки окуу жыл ичинде эң көп пайдаланылган окуу китептерди жеңүүчү деп таанып, андан кийин гана гранттык же бюджеттик каражатка басып, авторлорго сый акы төлөөгө болот. “Электрондук китепканаларды эч ким окубайт” деген пикирлер да жаралышы мүмкүн, бирок чындык көрсөткөндөй, өлкөнү санариптештирүү боюнча президентибиз койгон тапшырманы аткаруу жолунда интернет тармагы айылдар менен мектептерге жетип, электрондук окуу куралдарын кеңири колдонулуп жатканына мисал катары: акыркы 1,5 жыл ичинде окуу китептердин www.okuma.kg электрондук китепканасына 3 миллиондон ашык окурман киргени, алардын дээрлик көпчүлүгүн кыргыз тилдүү айыл мектептеринин окуучулары түзөгөнү мисал боло алат. Ошентип билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин түзүү менен басып чыгарууга менеджер-уюштуруучу катарында катышып, анын маани маңызына илимий изилдөө темасын аткаргандар жооптуу болушу керек. Мындан сырткары, табыгий математикалык багыттагы сабактарга класстар боюнча билим минимумдарын иштеп чыгып, билим чиновниктери таңууланган окуу китептер менен чыгармачыл мугалимдердин дымагын чектебей, окуу материалдарын өз алдынча тандоого мүмкүнчүлүк бергенде жакшы ийгиликтер жараларын ЖРТ (ОРТ) жыйынтыктары көрсөтүп келет.  

IV. Билим берүү системасындагы окуу китептер маселесин шашылыш түзүлгөн чакан автордук топтор менен бүтүрө салуу туура эмес. Анткени бүгүнкү Кыргызстанда орто мектептерге окуу китептерин чын дилден жазууга жөндөмдүү педагог изилдөөчүлөрдүн реалдуу тобу табылбайт. Себеби биринчиден, убагында И.Бекбоев агайдын жеке энтузиазмы менен КББАда топтолгон илимий  педагогикалык кадрлардын жашы улгайды, ал эми кийинки жаштар акчасы көп тармактарга тарап, КББАнын иши солгундады. Экинчиден, окуу китептер боюнча КББАнын адистеринин корутундуларына формалдуу мамиле жасалып, окуулуктар өкмөттүк эмес уюмдардын, чиновниктердин, демөөрчүлөрдүн кызыкчылыгы менен басылып, педагог илимпоздордун шаабайын суутуп, өз ишине кайдыгер мамиле жасоого түрткү болуп, үнсүз отурууга көндүрдү. Ошондуктан окуу китептерин жазууга жарыяланган конкурстарды базардан сатылып алынчу товарларга жарыяланган тендерлерге теңебей, окуу китептерин басууну каржылаган донордук долбоорлорго: Кыргыз ИАсы менен ЖОЖдорго бекитилген “окуу китептерин жазуу” илимий темасын аткарылуу мөөнөттөрүн эске алган шарттарды көрсөтүп жазуусу зарыл.  


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер