Акыркы кабарлар
» Коом » Каныбек Осмоналиев менен Сабыр Жапаров кармалды
Каныбек Осмоналиев менен Сабыр Жапаров кармалды
02-март, 23:50


2-мартта Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылышкан митингчилердин уюштуруучулары Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров ж.б. УКМКга жеткизилген. Алардын үстүнөн кылмыш кодексинин 39-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракет көрүү) боюнча бирдиктүү реестрге катталып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын кабарлашты. Кармала тургандар дагы көп экени, күч органдары бул жаатта иштеп жатышканы белгилүү болду. Интернеттеги тасмаларга баам салсак, Каныбек Осмоналиев менен Сабыр Жапаров элди тарап кетүүгө үндөшкөнүн көрүүгө болот. Балким, чагымчыл күчтөрдүн курмандыгы болуштубу?..
Aryba.kg