Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “Бакен эже жыйырма чакты бокалдын баарын сындырган...”

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “Бакен эже жыйырма чакты бокалдын баарын сындырган...”

29-апрель, 00:11
1 796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Токо, “Саманчынын жолу” тасмасында сиз катышкан бир эпизод бар. Ага кандайча тартылып калдыңыз эле?

-- Мен ал маалда “Кыргызфильмде” киномеханик болуп иштечүмүн. Бир күнү түшкү тамактан кийин сыртта турсам Төлөгөн деген жигит (Жогорку Кеңеште катчы болуп иштеген Иманкалыкова аттуу аял бар бар эле, ошонун уулу) бакыраң көз бирөө менен келип калды. “Токо, сен бул жердесиңби?” деп сурады. Ооба десем, жанындагы жигитти көрсөтүп, “бул менин досум, Генадий Базаров” деп тааныштырды. Көрсө, дипломдук ишине “Саманчынын жолун” тартуу үчүн ВГИКтен келиптир. “Биз кино топ түзүп атабыз, сен Генага ассистент бол” деди. Макул болдум. Кино проба деп коёт, режиссердун жардамчысы катары ролго сыналчу актёрлорду алып келем, сүрөткө тарттырам. Бир күнү Гена “Жайнактын ролун сен аткарасың” деп калды. Мен кинопробадан өтпөйм го десем, “эч кандай пробанын кереги жок, сен менин сыныман өттүң” деди. Ошентип тартылып калгам. 

-- Эсиңизде жокпу, станциядагы ошол эпизод боюнча канча дубль тартылган?

-- Бизде эми Америка эмес да жүздөн дубль тарткандай. Плёнка тартыштыгынан үч, эң көп болсо төрт-беш дубль тартылчу. Көбүнчө аба ырайына, асмандын ачыктыгына карашчу. 

-Ал эпизод Таласта тартылганбы?

-Аңыракайда, №16 МЖС деген станцияда тартылган. Кыштын кыраан чилдеси. Ээн талаа. Ары жакта самолеттордун вентиляторлору иштеп атат. Анын таасири менен кар учуп, бороон болгондой элес калтырат. Ошол жерде турабыз. Сууктан кадимкидей кайыктым да. Адам үшүгөндө машинанын дөңгөлөгүндөй болуп денесинен дүңк-дүңк этип үн чыгып калат экен. Анан жылынганы алып барышты. Эки меш турат, экөө тең кыпкызыл. Доктур адегенде сенин денеңди кар менен, анан спирт менен сүртөт. Үстүңө шейшеп жаап, малина чай берет, аркасынан бир стакан арак ичирет. Анан жатасың тердеп. Чыпылдап тер чыгат. Бир сааттан кийин кайра эле съемкага барыш керек. 

-Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов өңдүү залкарлар менен чогуу жүрдүңүз да?

-- Ооба да. Бир нерсе эсимден кетпейт. Кажы-Сайда үркүндү тартып атабыз. Ошол жерде шахтёрлордун рестораны бар болчу. Бир күнү ыраматылык Бакен Кыдыкеева “мен элүүгө чыктым” деп калды. Райкомдун биринчи катчысы, Чыңгыз Айтматов келди. Отурабыз ресторанда. Бир маалда эженин колу кокусунан тийип кетип, хрусталь рюмка полго тарс этип кулап түштү. Аңгыча эле көлтөйгөн бир аял келип, “а вы знаете что это стоит 25 рублей?” деп кекете баштаса болобу! “Милочка, собери все рюмки” деди эже. Жаңылбасам, жыйырма чакты рюмка чогулду окшойт. Эже улам бирден таштап коёт жерге. “Посуда бъется на счастье” деп баарын сындырды. Анан тиги аялга карап, “здесь уберите и дайте счет, я за все заплачу” деди. Бакен эже кандай кайраттуу, намыстуу аял экенин ошондо көргөм. 

-Эмне үчүн киного ошол бойдон кайра тартылган жоксуз?

-Каалоо жок болчу. Мен башынан эле аскер кызматкери болгум келип, ошого даярданып жүргөм. 


Максат Калыков 
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер