Министр Мирзахмедовго “Коррупция”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери колдонулабы?
Көбүн эсе коррупцияга шектүү чиновниктер артын тазалоо менен канчалык жандалбас кылышса да, акыры айыбы ачылат эмеспи. Мындайларды кызматта турган кезинде кайырмакка илүү зарыл, а болбосо убакыттын өтүшү менен саясатташып, ар кандай күмөн саноолорду жаратат.
Логикага эп келе турган негиздерге токтололу. Экс-депутат Музаффар Исаков убагында жерлерди мыйзамсыз сатуу менен байып, кийин кылмыш иши козголуп, акыры соттолду. Камалып да чыкты. Эмне үчүн убагында чара көрүлгөн эмес? Мындан да маанилүү жагдай, Музаффар Исаков ошол кезде Сузакта айыл өкмөтү болуп, жер сатуу менен шугулданып жүргөндө, аталган райондун акими Нурболот Мирзахмедов эмес беле? Айыл өкмөтү коррупциялык иштерге аралашып атса, аким кандайча суудан кургак чыгат? Шектенсе болот бекен? Эмне үчүн тийешелүү органдар бүгүнкү күнгө чейин көрмөксөн болуп келишет?..
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун артынан дайыма акча маселесине байланышкан чыр-чатактар ЖМКларга чыгып келгенин билесиңерби? Эмесе, биз да суроо таштайлы: Нурболот мырза, өткөн парламенттик шайлоо убагында “Бир Бол” партиясынан 500 миң доллар алып, “жеп” кеттиңиз беле? Канча добуш алгансыз? Бул боюнча уу-дуу кептер бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүрөт, үн катып койсоңуз боло?.. Учурда болсо, элиталык үйлөрдүн курулушуна “ылайыкташтырып”, ӨКМнын кызмат көрсөтүүсү үчүн коррупциялык схема түзүп алганыңыз ыраспы? Маал-маалы менен ар кандай оюндарды өткөзүүгө, демөөрчүлүк кылууга каражатты кайдан табасыз?
Айтор, суроолор көп. Азырынча чекесин гана чыгара туралы. Буюрса, иликтөөлөргө жараша жакында кеңири кайрылабыз.
Aryba.kg