Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакшылык Абдразаков: “Эң негизги көйгөйлөрдүн бири – калкты иш менен камсыз кылуу”

Жакшылык Абдразаков: “Эң негизги көйгөйлөрдүн бири – калкты иш менен камсыз кылуу”

22-май, 21:36
1 426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайландыңыз. Алгачкы иш күнүңүздү эмнеден баштадыңыз?

-- Алгач шаардык кеңештин аппараты менен таанышып, жаңы чакырылыштын депутаттары шайланып келгенге чейинки, мурунку чакырылышта кабыл алынган   иш-пландар менен тааныштым. Балыкчы шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык жактан аткарылып жаткан иш-аракеттерин карап, шаардык муниципалдык мекеме-ишканалардын, министрлер кабинетине караштуу министрликтердин, ведомстволордун шаардык бөлүмдөрүнүн 2021-жылдын I кварталынын жыйынтыгына карата аткарган иштери боюнча маалымат алып, өз алдымча анализдөө иштерин жүргүзүп жатам. XVIII чакырылыштын жаңы шайланып келген депутаттарынын басымдуу бөлүгү жаштар. Ошондуктан ишти жаштардын көз карашы менен баштап, тажрыйбасы мол улуу муундун өкүлдөрү менен кеңешип, алгач шаардык кеңештин иш-пландарын түзүп, биринчи сессиясын өткөрүп жана эң негизги иш документтерибиздин бири болгон шаардык кеңештин регламентин бекитип алсак деп турабыз. Шаардык кеңештин эң негизги милдети – бул Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамдын жана башка укуктук ченемдик актылардын негизинде иш алып баруусу болуп саналат. Ар бир шаардык кеңештин чечимдери, сессиялардын токтомдору мыйзамдуу болуш керек. Менин негизги милдетим – шаардык кеңештин депутаттарын ынтымакта кармоо, иш кагаздарын мыйзамдуу  алып баруу жана жаңыча көз караш, инновациялык изденүүлөр менен тарыхтын жаңы барактарын ачсак деген терең ой. 

-- 30 депутаттын башын бириктирип төрагалык кылуу, аны менен катар эле мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, жеке секторлор менен жеткиликтүү иш алып барууда эмнелерге басым жасайсыз?

-- Биринчиден, жогоруда айтып кеткенимдей, 30 депутаттын башын бириктирүүдө мен тараптан калыстык керек, ал жагын жакшы билем. Шайлоо алдында талапкер болуп турганда эл ишеничин алып, шайланып келген шаардык кеңештин депутаттарынын алдында убада бергем. “Жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн” деген накыл кеп бар, бул жагынан калыс болууга ишендире алам. Шаардык кеңештин алдында туруктуу комиссиялар ар тармакта тийешелүү багыттары боюнча иш алып барат. Учурда иш баштаар алдында, адистиги боюнча жана кайсы тармакты жөндөй ала тургандыгына карап депутаттарды туура бөлүштүрүү жагын фракция лидерлерине сунуштап жатам. Туруктуу комиссиялар калыстык, кесипкөйлүк, жаңы багыттар менен шаарды өнүктүрүү иш-аракеттерин көрүшсө, ишти алдыга карай жылдырууда чоң өбөлгө болот. Мамлекеттик органдардын шаардык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин, жөндөмдүүлүгүн координациялоо жагы шаардык мэриянын милдетине кирет. Шаардык кеңеш тараптан сессияларда алардын маалыматтарын алып, өнүгүү жолдорун, сунуштарды аткаруу бийлик бутагы катары эсептелген мэрияга берип турабыз. Бейөкмөт уюмдар, жарандык коом менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагын да карап жатам. Ар бир шаар тургунунун, жарандардын, лидерлердин сын-пикирлерин туура кабыл алып, сунуштардын негизинде бирге иш алып барабыз (!) деген ниеттемин. 

-- Эл өкүлү катары шаардыктардын эң орчундуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн кандай аракеттер болот?

-- Мен эл өкүлү, шаардык кеңештин төрагасы болгонго чейин шаарыбыздын жарандык коому катары эсептелген жаштар уюмунда иш алып барчумун. Ошондуктан коомдук бирикмелердин иш-аракеттерин жакшы түшүнөм. Шаарыбыздын көйгөйлүү маселелери менен таанышмын десем жаңылышпайм. Мындан тышкары, шаардык көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо ишканасында да иштегем. Бүгүнкү күндө шаарыбыздын тиричилик маселелеринде иш акырындык менен өнүгүү жолунда келе жатат. Ал эми көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо муниципалдык ишканасынын базасында таштандыны кайра иштетүү долбоору ишке ашырылып, бул жагында жылыш бар. Шаарды жарыктандыруу, көрктөндүрүү иштеринде бизге чейинки шаардык кеңештин депутаттарынын, мэриянын, шаар башчыларынын, жетекчилердин эмгектерин белгилеп өткүм келет. Ошондуктан бул иш-чаралардын мындан аркы багытта улантылышына XVIII чакырылыштын депутаттары менен бирдикте салым кошуу ниетибиз бар. Эң негизги көйгөйлүү маселелердин бири – бул калкты иш менен камсыз кылуу. Жумушсуздукту жоюу боюнча мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын колдоп, инвестициялык долбоорлор аркылуу мэрия менен бирдикте иш алып баруу – учурдун талабы болуп турат. Негизги максат – жергиликтүү бюджет тартыштыгын жоюп, шаарыбыздын казынасын толтуруу. Учурда мэриянын сунуштарына толуктоо берип, биргеликте долбоорлук багытта иш алып барсак... 

-- Ишиңиздеги эң башкы принциптериңиз кайсы?

-- Иштин принциби адамдын тарбиясынан болот. Мен муну мугалим катары айта алам. Биз үйдө ата-энемдин маңдай тери менен тапкан эмгек акысы менен эл катары чоңойдук. Жөнөкөйлүк, адамгерчилик, улууга урмат, кичүүгө ызаат, алсызга көмөктөшүү – менин эң негизги принцибим. Ошого катар эле калыстык, акыйкаттык, акты ак, караны кара деген ойду билдирүү да менин принциптеримди толуктайт. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер