“Жашоонун маңызы эмнеде?” деген суроонун жообу
“Жашоонун маңызы эмнеде?” деп суроо узаткандар дайыма мени таңгалдырат.
Биз катуу үшүп келип, чыны толо ысык чайды ырахаттана ичүү үчүн жашайбыз.
Санаа, азаптардан соң, жакын адамыңдын кучагында эркелегенге эмне жетсин?!
Биз чексиз океандын жээгинде түнкү жылдыздарга суктануу үчүн жашайбыз.
Биз дене бойду дүркүрөткөн керемет музыканы угуу үчүн жашайбыз.
Биз көзүбүздөн жаш чыкканча каткырып күлүү үчүн жашайбыз.
Биз чачтарыбызды желбиретип, деңиз жээгинде басуу үчүн жашайбыз.
Полотнолордогу жандуу сүрөттөргө саамга суктанып туруу кандай керемет?!
Чарчап келип катуу уйкуга кетүү сонун да!
Таптаза аба менен жүзүңө тамган жамгыр тамчыларын элестетчи?
Үрүл-бүрүл таң агарып келе жатканычы?
Дагы ушул сыяктанган милиондогон ирмемдер үчүн жашайбыз.
"Азия Ньюс" гезити