Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурмери Гаджал: “Стресске кабылгандардын чачы көп түшөт”

Нурмери Гаджал: “Стресске кабылгандардын чачы көп түшөт”

03-октябрь, 10:57
2 161 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дерматокосметолог Нурмери Гаджалдын айтымында, адамдардын чачынын түшүшү көпчүлүк учурда жашоо шартка байланыштуу болот.  Себеби кайгыруу, ойго чөмүлүү бара-бара стресске алып келет. Бул өз кезегинде башка оорулар менен бирге чачтын көп түшүшүн пайда кылат.   


Чач жети жылга чейин жашайт

-- Адамдын күнүнө элүүдөн жүзгө чейин тал чачы түшүп турат. Баштагы чачтын 90 пайызы активдүү өсөт. Ал эми калган 10 пайызы экиден алты айга чейин уйкуда жатып, андан кийин түшүп баштайт. Чач үч жылдан жети жылга чейин өмүр сүрөт.  Жаш өткөн сайын түшүп калган чачтардын  орду толукталбайт, ушуга байланыштуу ал жукара берет. Айрымдарда бул процесс жаш кезинде эле башталышы мүмкүн. Негизинен чачтын түшүүсү ар түрдүү оорулардын, гормоналдык тең салмактуулуктун бузулушунан, баштын жаракат алышынан, баш теринин жабыркашынан жана стресстен келип чыгат. Көпчүлүк учурда түшүү себептерин жойгон соң, чач кайрадан өсө баштайт. Уялык (очоктук) кашкалык (алопеция) оорусунда түшкөн чачтын ордунда жылмакай тегерек тактар калат. Бирок тери кадимки абалында болот (какач, тырык жана жара болбойт).


Чачтын түшүү себептери

-- картаюу процесси;

-- тукум куучулук (тукумунда таз айым же эркек болсо);

-- гормоналдык тең салмактуулуктун бузулушу (мисалы, айымдар төрөгөндөн кийин же айыздын токтоп калган маалында);

-- чачтын жабыркашы (боёк, кургатуу, химиялык тармалдоо);

-- баштын жаракатка кабылышы;

-- баш теринин жабыркашы;

-- бактериалдык жана грибоктук инфекциялар, аутоиммундук оорулар;

-- айрым дарылар да чачтын түшүүсүнө алып келиши мүмкүн (кан басымды калыптандыруучу дарылар, антикоагулянттар, антидепрессанттар, артрит менен муун ооруларына каршы каражаттар). Радиация жана химиотерапия онкологиялык оорулары бар адамдардын 90 пайызынын чачы түшөт. 

-- бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды кабыл алуу дагы чачтын тез түшүүсүнө алып келет. 

-- стресс: физикалык, эмоционалдык жана нервдик-психикалык.


Оорунун алгачкы белгилери

1) эркектердин жарым-жартылай таз болуусу:

-- чачтын өсүү сызыгы же чачтын түшүүсү алгач чыкыйдан тартып, акырындык менен төбөгө жана андан ары желке тарапка жылат. 

2) толук таз болуу:

-- баштын терисинде тал чач калбай толук түшүп калат.

3) локалдуу таз болуу:

-- кээ бир гана бөлүктүн чачтары түшөт. 

4) чачтын суюулуусу:

-- кээ бирде чачтын түшүүсү төрөттөн кийин, хирургиялык операциядан же катуу оорудан кийин үч ай өткөндө байкалат. Чач түшкөндө дарыгерге кайрылуу сунушталат.   


Дарыгерден кеңеш:

-- Эгер чачтын түшүүсү тукум куучулукка же картаюуга байланыштуу болсо, аны токтотууга же алдын алууга дээрлик мүмкүн эмес. Чачыңызга кам көрүңүз (бальзам, кондиционер, кесек тиштүү тарак колдонуңуз. Ал эми колдон келишинче чачты боёодон, фен менен кургатуудан жана химиялык тармалдоодон качыңыз).  Чачтын түшүүсүн токтотууга кепилдик бере турган каражаттар жок болсо да, миноксидил каражатын пайдаланып көрүүгө болот. Ал кардарлардын үчтөн бир бөлүгүнө жардам берет. Чачтын түшүүсүн алдын алуучу көптөгөн процедуралар бар, эффективдүүсү – плазмотерапия. Бул чач түшүүнүн гана алдын албастан, аны көркүнө чыгарып, кулпуртат. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер