Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азыркы карантин учурунда стресске кантип чалдыкпоо керек?

Азыркы карантин учурунда стресске кантип чалдыкпоо керек?

30-апрель, 15:00
419 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери элдин баары үйдө отурушат. Айрым гана жарандар иштебесе, көпчүлүгү жумушсуз. Адистердин айтымында, мындай кырдаал социалдык-экономикага гана таасирин тийгизбестен психологияга да таасирин берип, адамдар депрессияга түшүп кетиши турган иш. Эң жаманы суицид, үй-бүлөлүк зомбулук орун алышы мүмкүн. Мунун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Бул суроого психолог Альбина Закирова “Турмуш” сайтына жооп узаткан.

 «Биринчиден мындай абалды четке какпай, кандай болсо ошондой кабыл алуу керек. Ошого моюн сунуп, макул болуш керек. Анткени карантин силерге көз каранды эмес. Бирок карантин десе эле, маанайды чөктүрүп,
коркунуч абалга кептелдим деген сезимди жок кылуу керек. Карантиндин жакшы жактарын көрө билүү зарыл. Мисалы, үй-бүлөгө убакыт бөлүүгө эң сонун учур. Анан да көптөн бери убакыт жетпей жүргөн нерселер менен алектенсе болот. Спорт менен машыгып, тил үйрөнүп, кызыктуу китептерди окуп, билимди жогорулатып жана башка ушул сыяктууларды жасаса болот. Эгер карантин узак убакытка созула турган болсо, үй-бүлөгө жаңы эрежелерди киргизип, жашоону ар түрдүү боекторго боеп койсо болот. Күнүмдүк жасай турчу иштердин, баланын сабак окуу, ойной турган мезгилинин убактысын тактап, сүйлөшүп алыш керек. Адам эң негизгиси үйдө бош жатпашы керек.
Ортодогу мамилелерге карантин бүткөнчө мораторий жарыялаш керек. Канчалык бук болуп, ачууң келип жаткан мезгилде дагы, жаман сөз айтпаганга аракет жасоо зарыл. Жакшы сөздөр менен сүйлөшүүгө умтулса, баары жакшы болот», - деди ал.

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер