24 саатты бөлүштүргөндү билели. Бул өтө маанилүү!
Эрте туруу – адамдын табиятына берилгендеги нерсе. Мисалы, күн менен түн.
Түн алмашканда күн чыгып жатат. Жерге жарык түшкөндө баардык жан-жаныбарлар ойгонот, ал эми адамдар күн аркан бою көтөрүлгөнчө уктайт. Азыркы биздин жашообуздун шарттары түшкө чейин уктаганга, түнү менен телефон карап чыкканга ыңгайлашып кетти. Телевизор, сериал көрөбүз, телефондо отурабыз, ал эми эртең менен тургандын ордуна түшкө чейин уктайбыз.
Ошондо, эрте туруу бул эмне? Ырыскылуу, ийгиликтүү болуу. Ийгиликтүү адамдар кандай жумушу көп болсо дагы эрте тура алышат. Алар кечинде эрте уктай алат. Эртеңки күндү кечинде пландаштырат, 24 саатын бөлүштүргөндү билет. Ал эми орто, кедей адамдар эрте тура алышпайт. Убактысын бөлүштүргөндү билишпей, ошон үчүн түшкө чейин укташат...
"Азия Ньюс" гезити