Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактысыз жана ден соолугу начар адамдар – “эртең” деген сөздү көп колдонушат

Бактысыз жана ден соолугу начар адамдар – “эртең” деген сөздү көп колдонушат

12-сентябрь, 19:42
3 794 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көйгөй болуп, андан чыгуунун жолу жоктой болуп калганда, бул даанышман сөздөр жардамга келет:

Оор эмгек – бул сиз жасашыңыз керек болгон учурда жасабай койгон оңой нерселердин тобу. 

(Джон Максвелл)


“Баары өзгөрөрүнө үмүттөнөм” деп көп айтчумун. Ошондо мен баарынын өзгөрүшүнүн бир гана жолу бар экендигин түшүндүм – ал өзүмдү өзгөртүү. 

(Джим Рон)


Ийгиликсиздик – бул жөн гана кайра баштоого мүмкүнчүлүк, бирок акылдуулук менен. 

(Генри Форд)


Эгерде маселени чечүүгө мүмкүн болсо, анда ал жөнүндө кабатыр болбоңуз. Эгер маселени чечүүгө мүмкүн болбосо, анда ал жөнүндө кабатырлануу маанисиз. 

(Далай Лама)


Байкуш, ийгиликсиз, бактысыз жана ден соолугу начар адамдар – булар “эртең” деген сөздү көп колдонгондор. 

(Роберт Кийосаки)


Өмүрүндө бир жолу бакыт ар бир адамдын эшигин каккылайт, бирок бул учурда адам көбүнчө жакынкы кафеде пиво ичип отурат жана эч кандай каккылоону укпайт. 

(Марк Твен)


Биздин чоң кемчилигибиз – тез эле багынууда. Ийгиликке жетүүнүн эң ишенимдүү жолу – дагы бир ирет аракет кылуу.

(Томас Эдисон)


Мен жеңилген жокмун. Мен болгону иштебей турган 10000 жолду таптым. 

(Томас Эдисон)


Сиз өтө таланттуу болсоңуз дагы, көп күч-аракет жумшасаңыз дагы, айрым натыйжалар убакытты талап кылат: тогуз аялды кош бойлуу кылсаңыз дагы, бир айда балалуу болбойсуз. 

(Уоррен Баффет


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер