“Мен сизди Кудайдан да кызганып отурам, Каныбек агай!”


Журналист Ыдырыс Исаков экс-министр Каныбек Исаковго эскерүү жазды.
“Агай, шашма эмес элеңиз, шашып кетипсиз. Оор элеңиз, олбурлуу, салмактуу элеңиз, бул жолу жеңилдик кылыпсыз. Шертке да, ишке да бекем элеңиз, бул жолу боштук кылыпсыз. Максатка март, кыялга бай элеңиз, кайтып кетипсиз. "Кыялданбаган адам бечара" деп сиз айткан элеңиз. Ишенчээк да эмес элеңиз, уйкуну кыйып тапкан кыялдарыңызды кимге ишенип таштадыңыз билбей турам.
“Жакшы адамды Кудай эрте алат” дешет. Чын окшойт ушул сөз. Бирок мен сизди азыр Кудайдан да кызганып отурам.
Буга чейин зыяным тийип кетпесин деп, сиз тууралуу жакшы сөз жазуудан карманып жүргөн элем.
ОшМУда “Москвич” машина менен жатаканаларды кыдырып, түн бир маалга чейин студенттер менен баарлашып кетчүсүз. Эмнени кыялданып жүргөнүңүздү студенттер менен бөлүшүп турчусуз.
Чоңсунбай, бийиксинбей эл менен тегиз элеңиз. Сүр десе сүр, сөөлөт десе сөөлөтү, баш десе башы бар кашкөй элеңиз. Азыр эл желкесинде башы, башында мээси барларга зар болуп турганда бурулуп кеткениңиз чатак болду. Сиздин кеткениңиз өздүн эмес, өлкөнүн өксүгү болду.
Коделекти кулун деп, кашаң атты аргымак деп, көрүнгөн чоңду шалпылдатып мактай берген заманда, сизди ошол майдаларга аралаштырбайын деп да мактачу эмесмин. Жакшы сөз айтчу эмесмин. “Эл билет” дечүмүн.
Кош болуңуз агай! Сизди Кудай ыраазылыгына алсын. Сиз кеттиңиз эл калды, студенттериңиз калды. Кыргыздын эң жаман уулу сиздей болсун!”











