Сиздин чачыңыз сыйкырлап салгандай өсөт!
Аш содасынын пайдалуу касиеттери илгертен эле белгилүү. Ал сиздин пирогду эбелектей кылып, тиштериңизди агартат, эми болсо чачтарыңызды күчтүү кылат! Үй шартында шампунду бул рецепт менен кылып алыңыз.
Кадимки шампунь чачтарыңызга залал келтирип жатканынан шекшинип атасызбы? Чачтарыңыздын түзүмүн жакшыртып, өсүшүн ылдамдаткан кадимки ашкана содасынан жасалган шампунду колдонуп көрүңүз. Эгер косметикалык процедура катары фито кароону тандасаңыз, эгер химикаттар чачка терс таасир тийгизип жатса, сизге бул үй шартында жасалган шампунь жагышы мүмкүн. Колдонуп көрмөйүн, ишенбейсиз.
Керектелүүчү азыктар: аш содасы, пластик бөтөлкө, алма уксусу.
Даярдоо ыкмасы: сода менен сууну 1:3 кылып пластик бөтөлкөдө аралаштырып алыңыз. Узун чачтар үчүн 2-3 аш кашык содага 6 аш кашык суу. Бул аралашманы нымдашкан чачыңызга сүйкөңүз. Чачтардын тамырынан баштап учуна чейин. 1-3 мүнөт аралыгына кармап туруп, анан жакшылап мелүүн суу менен жууп салыңыз. Эгер жакшы көбүрбөсө таңкалбаңыз. Калдыктарын жакшылап кетириш үчүн жылуу суу менен чайкаңыз. Чачыңыз жакшы жуулгандан кийин алма уксусун суу менен 1:4 кылып аралаштырып, чачыңызды чайкаңыз. Эгер уксустун жытына чыдай албасаңыз, лаванда же жалбыз майынан бир нече тамчы кошуп койсоңуз болот.
"Азия Ньюс" гезити