Кудалуу болорубузда күйөөм жаш келинге азгырылды

Мен бир айдан бери аябай шок болуп жүрөм. Өзүм уйку безден ооруйм. Эки жолу операция болгом, төрт балам бар: эки уул, эки кыз. Кызым турмушка чыгайын деп, балам үйлөнөйүн деп калды. Үй-бүлөмдө баары эле жетиштүү деп ойлойм, үйүбүз бар, жакшы эле тирлигибиз өтүп жатат. Улуу кызым менен уулум Россияда иштейт, акча жөнөтүп турушат. Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 24 жыл болду. Мен ооруп калгандыктанбы, же башкача жашагысы келдиби билбейм, акыркы күндөрү жолдошумдун кыялы аябай эле өзгөрүп, бизге мурункудай болбой калды. Мен өзүмчө ойлонуп, “бирөө-жарымды таап алган окшойт” деп жүрдүм. Карантиндин алдында мени менен болор-болбоско урушуп, мен жиним менен “бирөөнү таап алган окшойсуң... Кет! Ошондон ары келбе!” деп уруша кеттим. Кетүүгө деле даяр экен. Отуруп-туруп эле вотсап менен баш көтөрбөй жазышат. Балдарынын келечеги, “аларды кантип үйлөнтүп-жайлантабыз” деген нерселер оюна да келбей калды. Жаш балалуу келин менен сүйлөшүп жүргөнүн да байкап калдым. Кудалуу болорубузда күйөөм ушинтип башы тегеренип калат деп ким ойлоптур...