Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качкын Булатов: “Мадумаровдун шайы ооп калды, Жапаровго атаандаш боло албайт”

Качкын Булатов: “Мадумаровдун шайы ооп калды, Жапаровго атаандаш боло албайт”

29-декабрь, 21:34
4 071 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

– Президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө өткөнү мыйзамга дал келеби? 

– Ушул убакытка чейин былгытып, сасытып, коррупцияны өнүктүрүп, элди жакырлантып, тентиткен саясатчылар референдум менен шайлоонун бир күндө болгону мыйзамсыз (!) деп элдин башын айландырып жатышат. Чынында, референдум менен шайлоонун бир күндө болгону эң туура. Кыйынчылык мезгилде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев баардык жоопкерчиликти мойнуна алышып, мамлекетти укуктук талаага алып келип, мыйзамдуу жолго салуунун аракетин жасашууда. Бирок, зыянкеч саясатчылар аларга тоскоолдук жаратуу менен каршы аракеттерди жасап жатышат. 

– Кыргызстанга кандай башкаруу ыңгайлуу? Бири президенттик башкаруу менен өнүгөбүз десе, айрымдар парламенттик башкаруунун артыкчылыгын айтышат. Кайсы башкаруу мамлекетибиздин өнүгүшүнө жол ачат?

– Адилеттүү башкарып, мыйзамдуу жол менен иш кылса, парламенттик башкаруу жакшы. Бирок, биздин шартта андай болгон жок. Анткени, бизде ыплас саясатчылар көп. Ошон үчүн көпчүлүк башкарган парламенттик башкаруунун жакшы жагы байкалбай калды. Садыр Жапаров үлгү көрсөтүп, баардык жоопкерчиликти мойнуна алып, президенттик башкарууга багыт алды. Анткени, азыркы тапта парламенттик башкаруунун ашмалтайы чыгып кетти. Ошон үчүн президенттик башкарууга кайтууга аргасызбыз. Анткени, партия өзү такшалган жок. Адамдар жаңыланып, көз караштарын өзгөрткөн жок. Эски былгытма саясатчылар парламенттик башкаруунун ташталканын чыгарышып, аны жакшы жагынан эмес, жаман жагынан көрсөтүп алышты. Ошон үчүн азыр президенттик башкарууга өткөнүбүз туура. Бара-бара Садыр Жапаров да парламенттик башкарууга өтөт деген пикирдемин. 

– Эгер чындап эле парламенттик башкаруу адилеттүү, демократиялуу болсо, анда неге Текебаев парламенттик башкарууну сактап калбай айрым мыйзамдарды өзгөртүү менен Атамбаевдин ыйгарым укуктарын жогорулатып берген?

– Текебаев чынында кыйын саясатчы. Бирок, «Атамбаевге ыктагам» деп мойнуна алды. Президент берилген укуктары менен парламентти, өкмөттү да башкарып алды... Негизи парламентке байларды алып келүү өтө опурталдуу экен. Алар ачка кыргыздарга арзыбаган акча берип эле шайланып алат тура. Ошон үчүн парламент күнкарама болуп, «чимкирик» атка конду. Чынында, өнүккөн өлкөлөрдө парламент күчтүү болот. Бизде парламент өз укугун колдонгонду, эл үчүн иштегенди такыр билишкен жок. Ошон үчүн парламенттик башкаруу жеңилип, эл «президенттик эле башкаруу жакшы экен» деген ойго кептелип калышты. Себеби, парламенттик башкаруу көзөмөлү күчтүү башкаруу болгону менен бизде баары теңирден тескери болду. Тагыраагы, бүт уурулардын баары парламентке кирип кетишти. Ошон үчүн партиялык тизме менен депутаттарды шайлоо опурталдуу болууда.

– Президенттик шайлоодо чыныгы атаандаштар кимдер болот? 

– Азыркы шайлоодо чыныгы атаандаштар жок. Баарынын жүздөрү ачылып калды. Мадумаровдун да шайы ооп калды. Бирок Канат Исаев жакшы чыгууда. Сегизбаевди деле колдой турган жан жок. Аныгында, Садырга атаандаштык кыла тургандар жок экенине көзүм жетти.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер