Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Элдин кыжыры күч алып баратат. Өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч жаралууда”

“Элдин кыжыры күч алып баратат. Өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч жаралууда”

25-сентябрь, 14:54
1 078 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Парламентке өтпөй каларын билген айрым партиялар 5-октябрда элди көтөргөнгө даярданып атышабы?” деген собол таштадык. Бир аз опурталдуу суроо. Эксперттердин жообун бирге угуп көрөлү.

Жамалбек Ырсалиев, медиа-эксперт:

-- “Эртеңки куйруктан, бүгүнкү өпкө” демекчи, адегенде шайлоону тынч өткөрүп алсак жакшы болот эле. Себеби, “форма-2 дегенди президентибиз өзү баш болуп коопсуздук кеңешине чейин маселе көтөрдү. Бирок, жыйынтыгы жок болуп жатат. Шаардыктар шаардын сыртына, айылдыктар шаарга ташылганына мыйзам жол берет экен. “Каяктан шайласам да менин укугум” деп тултуюп тура бермей. Анан элдин көбү акча алып, бирок, баарына каршы добуш беребиз дейт. Аягы жакшы бүтүшүн тиленип отурабыз. Элибизде тынчтык болсун! Эл дүрбөп эле атат... Дагы бир жолу айтарым, бизге стабилдүүлүк керек. Мамлекеттин экономикасын артка тарта бербей, алдыга умтулалы...

Кумарбек Мейманкулов, саясат талдоочу:

-- Мамлекет тагдыры, өлкөнүн багыты алаканга салгандай ачык көрүнүп калды. Менимче, бир партиянын “өкмөттү биз курайбыз” деген амбициясы бийликти чочутуп турат. “Каралар” парламентке келатышат” деген имиштер бар. Буга ачуусу келген капчыктуулар өтпөй калса, Бакыт Калмаматов сыяктуу оппозиция өкүлдөрүн каржылашы мүмкүн. Бул биринчиси. Экинчиси, “Бүтүн Кыргызстан” өзү чындап эле өтпөй калса, “биз даярбыз” деп жатпайбы? Ошондуктан бийлик кулагынан тартып өткөрөт өңдүү. Үчүнчүдөн, “Чоң казат” да өтпөй калышы мүмкүн. Баарына каршылыкты уюштургандар да этият болуусу керек да. Буларды сырттан каржылаган күчтөр болушу мүмкүн. Бийлик шайлоону өзгөчө таза өткөрүүсү керек. Баары алардын кадамынан көз каранды. Шайлоого нааразы болгондор, баарына каршы дегендер сөзсүз болот жана чыкса керек. Бийлик баарын алдын алса...

Тимур Саламатов, серепчи:

-- Шайлоонун жыйынтыгында ызы-чуу болуп кетиши толук мүмкүн. Аны өтпөй калган партиялар эле эмес, айрым топтор, кримчөйрө же бир башка күчтөр жасап кетиши күтүлөт. Буга себеп толтура. Эң алгач элдин бийликке ишенбегени, ортодогу ажырымдын улам чоңоюп баратышы. Бийлик да буга жол салууда. Анткени, “баардык партияларга бирдей шарт түзөбүз” дегени менен бирдей мамиле болбой жатат. Айрым партиялар көз көрүнөө эле мыйзам бузуп жатса, мугалимдерди, жергиликтүү бийликти домкомдорунан бери мажбурлап, паспортторун жыйнатып, добуш топтоп атышса, аны көрмөксөн болуп жатпайбы. Муну бийлик билмексен болгону менен ар бир үй-бүлө билет. Анткени, ар биринин же мугалим, же домком, же комендант, же бакчанын тарбиячысы менен байланышы бар адамдар – жалпы эл баарын билет. Демек, аны билмексен болгон бийликке ошого жараша мамиле болот. Элдин кыжыры күч алып баратат. Ким кепилдик берет, эл өзү эле көтөрүлүп чыкпайт го? Коркунуч жаралууда...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер