Акыркы кабарлар
» Саясат » Канат Жумагазиев кесиптештеринен алдыга озду. Андан кийинкилер кимдер?
Канат Жумагазиев кесиптештеринен алдыга озду. Андан кийинкилер кимдер?
12-май, 18:33
556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек, Ош мэрлерине жана жети облустун башчыларына саресеп салдык. Буга чейинки кылып келген иштерине байланыштуу сурамжылоо жүргүзүп, калыс мааниде рейтингдерин аныктап турган чагыбыз. Эң башкысы, жетекчилердин дараметин баалоого басым жасап, милдетин аткаруудагы артыкчылыктарына көңүл бурдук, о.э. эл менен кызматташуусу каралды. 100 пайыздык чен-өлчөм ишмердиктерине жараша бөлүштүрүлдү.
Эскерте кетүүчү жагдай, сап башына чыккан президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев кыска аралыкта иш менен өзүн көрсөтө алганы, элге үмүт берип, бийликтин рейтингин көтөрүүгө салым кошо баштаганы өзгөчө баага татыйт.
- 33 – Канат Жумагазиев, Чүй облусунун губернатору;
- 18 – Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунун губернатору;
- 15 – Бакыт Жетигенов, Ош шаарынын мэри;
- 10 – Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облусунун губернатору;
- 8 – Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаарынын мэри;
- 6 – Алтынбек Эргешов, Нарын облусунун губернатору;
- 5 – Нурлан Дарданов, Талас облусунун губернатору;
- 3 – Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун губернатору;
- 2 – Элчибек Жантаев, Ош облусунун губернатору; "Азия Ньюс" гезити