Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Митингдер парады... Садыр Жапаров баштады. Кийинкилер кимдер?

Митингдер парады... Садыр Жапаров баштады. Кийинкилер кимдер?

02-март, 01:15
1 591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түрмөдө жатып алып, Садыр Жапаров элди дүрбөлөңгө салып койду. Бирок, 2-мартта өтө турган митингге тарапташтарын барбай эле коюусун өтүнүп, кайрылуу жасады. Кайсы бир күчтөр провокация уюштуруп, тополоң баштап жибериши мүмкүн экен. Ошентип, Садыр Жапаров өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликтен бошонду. Тилекке каршы, козголуп алган эл баары бир 2-мартта Бишкектин Ала Тоо аянтына келмей болду. Соңку реакциянын жүрүшүнөн алганда, дал ушундай картина түзүлүүдө... 

Көп өтпөй Садыр Жапаровду колдоо штабынын башчысы Каныбек Осмоналиев да коомчулукка билдирүү жасап, 2-мартта, саат 13.00дө пландалгандай эле Ала Тоо аянтында тынчтык жыйыны болорун жар салды. Бийликке карата талап, сунуштарын айтыша турганы маалымдалды. Демократиялык аралчада мыйзамдуу акциялардын өтүшү көнүмүш нерсе. Кызык. А неге коркуп атышат? Дүрбөлөңгө түшүү менен бийлик идеологдору, пиарщиктери көбүртүп-жабыртышып, үркүшүп, өздөрү сыр алдырууда. А болбосо, мындай митингдердин канчасы өттү эле? Адатта, бийлик элдин талабын угуп, ага карата оң мааниде жооп бериши шарт. Бул табигый кубулуш...

Эмне үчүн барган сайын бийликке нааразы болгон тараптар көбөйө баштады? Эң башкысы, иштей албаган өкмөттөн коомчулук тажап бүттү. Эки жылдан бери Абылгазиев элдин мүдөөсүн аркалап, жүгүн тарта албады. Өрт өчүргүчтүн гана ролун ойноп келатат. Өнүккөн өлкөлөр болсо, элге үмүт берүү үчүн премьер-министрлерин алмаштырышты. Россия, Өзбекстан, Малайзия... А бизде “өгүз өлбө, араба сынба” деген көрүнүш. 

Карапайым калктын турмушу начарлап кетти. Жумушсуздук. Социалдык көйгөйлөр арбыды... Жазда жаратылыш да жаңыланат эмеспи. Адамдын табияты дагы өзгөрүүнү күтөт. А биз өнүкпөй атканыбыз аз келгенсип, сазга баткан өкмөттөн үмүт кылып отурганыбыз – акылсыздыктын жеткен чеги го? Ансыз да коомдо саясый тирешүүлөр эми курчуйт. Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси 3-мартта башталганы турат. Бул жакта ахвал оор, ачуу сөздөр алдыда айтылганы калды. “Шишик” жарылбайбы? Алмазбек Атамбаев да сотто сүйлөгөнгө даярданып атыптыр...

Натыйжада, Акүй коомдогу жаңжалдардын алдын ала албай, саясый күрөштөрдөн уттуруп келүүдө. Өзгөчө күч органдарынын башчылары президентке туура маалымат берип атышканынан күмөнүбүз бар. Эске салсак, бийликтен кеткенде Акаев, Бакиев жана Атамбаев да атайын кызматтар менен генералдарга алданганын, адашканын айтып чыгышкан. Ошол эле система азыр да иштеп атат. Андыктан, реформа, кардиналдуу өзгөрүүлөр керек. Экс-президенттердин жаңылыштыгына күч органдары себепчи болушканын эске албайлыбы? Андыктан, чечкиндүү өзгөрүүлөргө кадам таштай турган мезгил келди. Кырдаалды туура тандалган кадр саясаты гана жайгарат...

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер