Нурзат Токтосунова: “Вирустан кыйналгандарга руханий жөлөк болчу китеп чыгардык”
Алып баруучу Нурзат Токтосунова “Эмне үчүн ооруйбуз?” деп аталган чакан китеп жарык көргөнүнүн маалымдады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
“Сөздүн кыскасы ушу, Кыргызстанда жаңы бир китеп чыкса, жапыртты бул жакка коёлу, бирин-экин болсо да ТВ, радио, гезит, сайт ошол жакшы нерсени кабар же жаңылык кылып чыгарганы өтө эле аз. Негатив кабарлар болсо баса калабыз. Эмнеге ошондойсуздар?
Анда эмесе, сиздерге кулак кагыш! “Жамгыр” басма үйүнөн жаңы эле “Эмне үчүн ооруйбуз?” аталышындагы чакан китебибиз жарык көрдү. Бул китеп учурда бүт дүйнөнү каптап жаткан коронавируста айласын таппай аткан адамдарга руханий жөлөк, моралдык шыпаа болуп, бир аз да болсо көңүлдөрү көтөрүлсүн деген ниетте даярдалды. Ыктыярчылар, жаштар колдон келишинче элге жардам колун сунуп жаткан чакта биз “Жамгыр” басма үйү да колубуздан келген жардамыбыз болсун деп ушул китепти даярдадык. Биздин максат – ийненин учундай болсо да элибизге кызмат кылуу. “Элге өзүңдү эмес, акыйкатты тааныт!” деген сөз биздин девиздердин бири. Кана эмесе, канча журналист реакция кылат экен көрөлүчү...
Китептер көп эле чыгып атат. ТВ, радио, Фейсбук, Инстаграм жана башка сайттар жалаң китептерди даңазалап салсаңар, дүйнө жүзү "Кыргызстанда маданий революция башталыптыр, булар китеп окуп, көчөгө чыкканга убактылары жок" дешип таңкалышсын” деп кайрылуу жазды Нурзат айым.