Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика: “Кызыл зоонаны араладым. Ыйладым. Мен Манастын урпагымын...”

Анжелика: “Кызыл зоонаны араладым. Ыйладым. Мен Манастын урпагымын...”

13-август, 13:58
1 812 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз эстрада ырчысы Анжелика кайрымдуулук иштерин байма-бай кылып келгени маалым. Ырчы айым пандемия бүткүл адамзатты, анын катарында өзүн дагы өзгөрткөнүн айтат:

Пандемия жалпы адамзатын өзгөрттү. Айрыкча мени. Алгач, үйдөн чыкпай, ооруну алдын алуунун эрежелерин аткарып жаттым. Бирок, ошондо да жөн отура албаган жаным “жок дегенде социалдык тармактагы баракчам аркылуу элге пайдалуу маалымат жеткирип турайын” деп күчтүү айымдар менен марафон өткөрдүм. Кийин жумуш башталып, жашоо өз нугуна түшө баштаганда, оору күч алып кетпедиби…

Дары-дармектин жетишсиздиги, биздин медицинанын алсыздыгы, көптөгөн жоготуулар мени үйдөн сууруп чыкты. Ар дайым эл кызматында жүргөн жаным ооруп, кыйналып жаткан адамдарды жөн гана үстүртөн карап тура алган жокмун. Унчукпай жатып алууга намысым жол бербеди.

Күчтөндүм дагы, өз жанымды тобокелге салып, “кандуу согушка” бет алдым. “Өзүңдү ойлобосоң да ата-энеңди, кыздарыңды ойлоп, үйдөн чыкпа” деп жакындарым сарсанаа болушту. Бирок, кантип отурмакмын? “Кыздарым Аллахтын аманаты, Жараткан колдосун!” дедим дагы билек түрө ишке кириштим.

А дегенде эле кызыл зоналарды аралап кирдим. Элдин акчасын, элге жумшадым. Билгенге бул дагы чоң түйшүк. Аманатты ээсине тапшыруу жана элге кайрадан отчёт берүү – өтө оор иш. Соңку учурларда жумушумда түнөп, ошол жакта жашап калдым. Канча деген боорукер инсандар, дүйнөнүн булуң-бурчундагы кыргыз бир туугандарыбыз аздыр-көптүр болгон тыйындарын жиберип жатышты. Кыялдарын орундаткысы келип, акчаны тыйындап чогултуп келген балапандар келгенде өзүмдү кармана албай ыйлаган күндөрүм болду. Бир эсе алардын боорукер, айкөл экенине кубансам, бир эсе чогулткандары өздөрүнө буйруп, жыргал жашоодо кыялдарын орундатса эмне деп буулугуп ыйладым.

Буюрса, жашоо өз нугуна түшкөндө өз каражатымдан болсо дагы аларды кыялдарын орундатам деп өзүмө-өзүм сөз бердим. “Жаша Кыргызым” деп мен сыяктуу ыктыярчылар көп экенине суктанып, сүйүнгөнүмдөн көз жаш алган учурлар көп болду. Ооба, дал ушул кыргыз ыктыярчыларына дүйнө эли суктанды.  Айкөл Манастын урпактары экенибизге сыймыктанам! Тилекке каршы, кара жаныңды карч уруп иштеп жатканда, териңди аарчып, жакшы сөз айтып, маанай көтөрүүнүн ордуна, буттан чалып, жыгылтууга аракет кылгандар болду.
 Уландысы кийинки постто”,- дейт ал.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер