Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирзат Муканов: “Мен, жубайым жана биздин жаңыланган версияларыбыз...”

Мирзат Муканов: “Мен, жубайым жана биздин жаңыланган версияларыбыз...”

07-декабрь, 12:36
1 958 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Ооба, ар бир ата-эне өзүнүн "гибриддери" жөнүндө ойлонбой койбойт. Учурда "Көчмөндөр кагылышы" деген китепти окуп жатып, кыргыздар бири-бирибиз менен кагышып, чабышып эле келатканбызбы деп коем. Бүгүн да "тың чыкмаларыбыз" өздөрү айтышмакчы, бири-бири менен "чабышып" эле жатышат!.. Биздин муун эс тарткандан бери эле "жакшыларыбыз" бири-бири менен тирешип, бири-бирине жагалданып, бири-бирин такка сүрөп, кайра жардан ары түртүп эле келе жатышкансыйт. Ар бир "кызыл тебетей" "элдин тандоосу" деген жалындуу сөздөрдү жаадырып, багытыбызды жалпы "кол көтөрдү" кылгансыйт, бирок, ал жардан ары тебилген сайын "кап, мурда натуура жашаган экенбиз да!",- демей...

Биз "Бул ачуу экен, бул кычкыл, өтө ширин"-, деп утур бир алманы тиштеп ыргыткан эрке кыздай тайраңдагыча, өлкөбүз эгемендик алганда төрөлгөн муун 30га чыгыптыр. Эртен 50гө чыкса, өмүрүнүн жартысын жашаган болот (эгер 100гө чыкса). 

Эми мындан аркы жашообуз эмне болот? Балдарыбыз эмне күндү көрөт? Ырксыздык, ыйкы-тыйкы жашоонун жыйынтыгы килейген мамлекеттерди деле сел алгандай жер бетинен жууганын окуп жүрөбүз го!.. Күчтүү өлкөлөр өнүгүп, а алсыздары артка эле кетип баратканын көрүп жатпайбызбы. Ааламдашуу деген доордо алакандай элибиз дайрадагы чамындыдай чабылып кетпешинин камын көрсөк болбойбу?.. 

Улуттук баалуулук деп кыйкырабыз, оозуң кайсы десе, мурдун көрсөткөн муун өсүп келе жатат. "Пора валить из этой страны" деген топторду кайда катасың? Чек-ара, экономика, билим берүү, улут саламаттыгы... Аа!..

Айтор, бизди Кудай сактап эле келе жаткан окшойт. "Чапкан сайын эле көз чыга бербейт"-, дейсиң го, кыкем. Мүмкүнчүлүктөрдүн лимити түгөнүп кала электе, бүгүнкүнүн Манас, Барсбектери келсе экен. Ага чейин эч болбоду дегенде, Манасына чоро болор уул тарбиялайлы, күчтүү муун берер эртеңки энелерди өстүрөлү, ата-энелер..."

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер