Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акын Олжобай Шакир жубайы коронавирус жуктуруп алганын маалымдады

Акын Олжобай Шакир жубайы коронавирус жуктуруп алганын маалымдады

04-июнь, 16:55
802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бул ооруну жашырып кереги жок. Менин үй-бүлөм кантип коронавирус жугузуп алганын түшүндүрүп берейин. Биздин бүлөбүз абдан сактанып жатканбыз. Келинчегим кайненемди ооруканага ташып жүргөндө жугузуп алса керек.

Эл арасында “Коронавирус бүттү. Бул жомок” дегеп кептер жүрөт. Мен өз башыма келген окуядан улам айтып жатам. Жубайымды ооруканага жаткырдык. 1-2 күндө биздин дагы анализдерибиз чыгат. Тест тапшырып жүрүп ооруканада медицина кызматкерлеринин абалын көрүп, жүрөгүм ооруду. Тез жардам кызматкери 2 айдан бери үйүн көрө элек экен. Ал эми дарыгерлер жайдын ысыгында коргоочу костюмдарды кийип жүрүшөт. Күч органдарына деле оңой эмес.

Учурдагы абалга кайдыгер карабайлы. Карапайым эл тогопой, сезбей жүрөбүз. Ооруну жугузуп алса дагы жашырып жатышат. Кенебестикти токтотолу. Мен өзүмдүн башыма келген маселени айтып жатам”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер