Памир Асанов Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынабы?
Кой-Таш окуясынын тергөө тобунун башында Памир Асанов болгону, толгон-токой мыйзам бузууларга жол берилгени жашыруун эмес. Бул эргул кызмат абалын кыянаттыкта пайдалануу, укук тебелөө, көптөгөн адамдарды ак жеринен камакка алуу, кылмыш иштерин козгоо менен шугулданганы жалганбы? “Зордун түбү кор” дейт. Жалган дүйнөдө күнөөсүздөрдү ыйлатып, көз жаштын убалына калсаң, көп өтпөй жазасын аласың. Кудай бар... Бизге жеткен маалыматтан алганда, Памир Асанов Кой-Таш окуясы боюнча мыйзамга каршы тергөө жүргүзгөнү, бул үчүн жоопкерчиликке тартылып, камакка алынары айтылды. Ошого катар УКМКнын агездеги жетекчилик кызматтарды аркалаган көрпенделердин да иши бүтөрү, түрмөгө киргизилери болжонууда. Эске салсак, Памир Асанов Кой-Таштагы элди “сындырганы” үчүн министрдин орун басарына чейин көтөрүлүп, учурда олчойгон пенсия алып, жыргап жатат. Эмесе, бул жагынан жакында маселе жараларын күтө туралы.
Aryba.kg