Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Жыйырмадан ашык аялды өлтүргөн маньяк кармалды
Жыйырмадан ашык аялды өлтүргөн маньяк кармалды
02-декабрь, 20:20
978 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Татарстан Республикасында 20дан ашуун аял кишини өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Тактап айтканда, Казань шаарынын 38 жаштагы тургуну Радик Тагиров колго түштү. Ал улгайган курактагы 26 аял кишини өлтүрүп, алардын баалуу буюмдарын уурдап кеткен деп шектелүүдө (буга чейин шектүү 32 адамдын өлүмүнө тийешеси бар деп айтылып келген).
Аталган кылмыштар 2011-2012-жылдары Россиянын ар кайсы аймактарында жасалган. Кылмыштар бири-бирине байланыштуу экенин тастыктоого шектүүнүн бут кийиминин издери жана кыймыл-аракеттеринин окшоштугу жардам берген. Бул жылдары укук коргоо органдары тарабынан 10 миңден ашуун экспертиза жасалган.
Полиция Тагировдун сурак учурундагы видеосун да жарыялады. Анда шектүү биринчи кылмышты көчөдө жашап жүрүп, тамактанууну каалагандыктан жасаганын айткан. Ал жабырлануучуларды муунтуп өлтүргөнүн, алардын так саны канча экенин билбей турганын кошумчалаган.