Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүмбаев качан жазага тартылышат?
5-6-октябрдагы элге ок атуу, бир катар мыйзамсыз көрүнүштөрдүн негизинде УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев менен ИИМдин мурдагы башчысы Кашкар Жунушалиевге издөө жарыяланды. Булар тез арада кармалышсын. Укуктук талаада жооп беришери турган иш!
Дагы бир өзгөчө олуттуу жагдай, убагында Абдил Сегизбев УКМКны башкарып туруп, орун басары Болот Сүйүмбаев экөө Садыр Жапаровду камакка алышып, балдарын, жакындарын сабатышкан. Алар бир канча ай камалып да чыгышканы эсибизде. Аёосуз кордук көрсөтүшкөн. О.э. Бекболот Талгарбеков, Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов ж.б. көптөгөн саясатчыларды темир торго тыгышып, саясый куугунтуктун атасын таанытышканы факт! Эмне үчүн ар кыл ыпластыктарга шек саналган Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүмбаев эркиндикте дердейип басып жүрүшөт? Кечээги мыйзамсыз иштери үчүн качан жазага тартылышат? Эл күтүүдө...
"Азия Ньюс" гезити