Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровду колдогон карапайым калктын саны арбып баратат

Садыр Жапаровду колдогон карапайым калктын саны арбып баратат

11-октябрь, 01:13
742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый куугунтуктун желаргысы менен соттолуп кеткен Садыр Жапаровду Кыргызстандын булуң-бурчунан бери колдошуп, түрмөдөн чыгаруу үчүн кол топтоп атышкан карапайым элдин катары калыңдоодо. Демейдеги иш-чараларда каражаттын күчү менен мындай демилгелер араң өтчү эле. Ал эми Жапаровду колдоодо акчанын жыты да жок экени, жалаң патриоттор баш көтөрүшүп, чындык үчүн күрөшүүгө бет алышканы олуттуу көрүнүш болууда. Эч бир күнөөсү далилденбеген эл уулунун иши адилет каралып, азаттыкка чыкса бийлик үчүн упай гана болмок. Эртеби-кечпи Садыр Жапаров түрмөдөн чыгары калетсиз, бирок убакыттан уттурбай, бүгүнкү укук коргоо органдары беттерине чиркөө ишти жасашпай, мыйзамдуу алкакта кадамга барышса болмок да. Эл да карап турат, жан кашайтып эле чындыкты чырылдата берүү болобу“Кумтөр мафиясынын” кесепетинен Жапаровдун түрмөгө жабылганы айтылып эле келатат го?.. 

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер