Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урматтуу президент, теңирчилерди кабыл алыңыз?!

Урматтуу президент, теңирчилерди кабыл алыңыз?!

14-октябрь, 15:26
576 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

2019-жылдын 17-мартында “Кыргыз элинин кайра жаралуусу” деген темада  кыргыз элинин курултайы болуп өттү. Курултайдын жыйынтыктоочу резолюциясын жана катышуучулардын кайрылуусун сизге жибергенбиз.

Бирок, сиз жана сиздин администрацияңыз бул документке жооп берген жок. Ушундан улам бизге президент катары сиз бизди элес албай, өлкөнүн жарандарына тандап мамиле кылгандай сезилип жатасыз. Бул мыйзамсыз жана биз сиз менен жеке жолугушууну суранууга аргасызбыз.

Сиз менен жолугуша турган делегациянын курамы:

-- Мелис Арып, жазуучу, Теңирчилик дининин дүйнөлүк борборунун катчылыгынын башкы катчысынын милдетин аткаруучу (т.:0558266621);

-- Тезекбаев Кубан, “Теңирчилик” диний уюмунун баш теңирчиси (т.:0770626509);

-- Усупбаев Анарбек, т.и.к., “Манас Ордо” коомдук уюмунун президенти (т.:0772550631);

-- Ажибекова Клара, ф.и.д, профессор, Кыргызстан Компартиясынын 1-катчысы (т.:0555420491);

-- Малиев Арсланбек, э.и.к., достук жана чет өлкөлөр менен кызматташтык союзунун президенти (т.:0555231000);

-- Мурзабаев Алмамбет, коомдук ишмер, жаштар курултайынын өкүлү (т.:0702401516).   


Сураныч, жолугушуунун убактысы жана жери тууралуу маалымат берип койсоңуз.


Урматтоо менен Курултайдын катчысы К.ТЕЗЕКБАЕВ

720040, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 64   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер