Акыркы кабарлар
» Кылмыш » (Видео) Бишкекте аялын аеосуз сабаган эркек көпчүлүктү кызыктырды
(Видео) Бишкекте аялын аеосуз сабаган эркек көпчүлүктү кызыктырды
12-сентябрь, 14:02
1 191 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек шаарындагы «Алмалуу» кафесиндеги үй-бүлөлүк чыр-чатак канжалаган уруш менен аяктады. Бул окуя тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине 11-сентябрда кечинде түшкөн. Айтылган дарекке барган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерин токмоктолгон аял тосуп алган.
Аялдын айтымында, аны күйөөсү сабаган. Ал дос кызы менен кафеде отурганда күйөөсү барган. Ал аялын дааратканага киргизип, эшигин бекитип алып токмоктогон.
Кыйкырыктан улам кафенин конокторунун бири эшикти талкалап кирип, аялынын мойнуна бычак такап жаткан кишини чапканда, ал сыртка качып кетүүгө жетишкен.
“Баракелде”