Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Украиналык репердин үрөй учурган өлүмү

Украиналык репердин үрөй учурган өлүмү

03-август, 12:52
550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украиналык рэпер Энди Картрайт жиликтенип, анын сөөгү беш баштыкка салынган абалда табылган. Кийинчерээк рэпер жубайы тарабынан жиликтенгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Маркумдун аялы күйөөсү каза болгондон кийин гана аны жиликтегенин айтууда деп жазылат маалыматта.

Рэпер пандемия учурунда жумушун жоготуп, депрессияга чалдыкканы, мындан улам баңги затын көп колдоно баштаганы аялы тарабынан айтылган. Аялы үйүнө барганда жолдошу каза болгонун, анын жанында ийне жатканын көргөн. Айтымында, жолдошу баңги затын ашыкча колдонуудан улам көз жумган.

Рэпердин жубайы тергөөчүлөргө күйөөсүнүн өлүмүнүн себебин жашыруу үчүн төрт күн бою сөөктү жиликтеп аны дайынсыз жоголгондой көрсөтүүнү каалаганын айткан. Ал мындай ишке сүйүүдөн, күйөөсүнүн дарегине карата уятсыз бир нерсени эстегиси келбегендиктен барганын кошумчалаган.

Жолдошун жиликтегенден кийин аялы "кылмыш жасадым" деп эсептеп, полицияга кайрылууну чечкен. Рэпердин аялы полиграф тестинен өтүүгө даяр экендигин билдирген.

Ал эми баштапкы экспертиза рэпер өлүмүнүн алдында баңги затын колдонбогонун көрсөткөн деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер