Сузактагы милициянын кыйноосу: денедеги дубинканын издери…
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайындагы кылмышка шектүү катары кармалган жалпы 19 жарандын 18и кыйноого кабылгандыгы боюнча арыз жазышты. Бул тууралуу кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борбордун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Алишер Эрматов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 29-июнда 5 адамдан турган жумушчу топ убактылуу кармоочу жайга киришти. Анда кармалгандар 27-июнь күнү кыйноого кабылышканын жазып беришти.
«Убактылуу кармоочу жайда 19 адам отурат экен. Алардын 18и кыйноого кабылышканы боюнча арыз жазышты. Алардын ичинен 7 адам боюнча протокол толтурулду. Башкача айтканда, алардын дене бойлорунан көк ала тактар, дубинка издери табылды. Биз көзүбүз менен көргөндөр ушул болду. Милиция кызматкерлеринин айтымында, аларга кармалгандар арасындагылардын биринде уюлдук телефон бар экени боюнча маалымат түшкөн. Ошол үчүн атайын тинтүү жүргүзүшүп, эки телефон табышыптыр. Буга чейин ушул жерде отургандын бири ичин жарып алган окуя орун алган экен. Ошондой окуя жүз бербөсү үчүн тинтүү кылганын айтышты. Канткен күндө да кармалгандар ур-токмокко кабылганы көрүнүп турат. Биз топтолгон материалды укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Эми ошолор карашат», - деди А.Эрматов.
Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы УКЖда отургандарга милиция тарабынан эч кандай ур-токмоктоо болбогонун, мыйзамсыз, уруксат берилбеген буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүргөнүн билдирген болчу.
«Ал жерде отургандардын өз өмүрүнө кол салуусун алдын алуу максатында мыйзамсыз буюм-тайымдарды киргизүүгө жол бербөө үчүн жасалган аракет болгон. Атайын кирип, аларды токмоктоо болгон эмес. Тактап айтканда, мыйзамсыз аракеттер болгон эмес. Кармалгандар камерадан чыгарылып, кайра киргизилген. Видеокамерадагы видеону тийиштүү кызматтардын уруксаты менен алса болот. Бизди көзөмөлдөй турган да органдар бар. Ал эми Сузактагы УКЖга мыйзамсыз буюмдардын кириши боюнча ОИИБде кызматтык иликтөө жүрүп баштады. ОИИБ жетекчилиги да көзөмөлгө алган», - деп билдирди басма сөз кызматы.
Turmush.kg