Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дагы бир кыргыз жигиттин Украинада каза болгону маалымдалды

Дагы бир кыргыз жигиттин Украинада каза болгону маалымдалды

19-апрель, 12:05
800 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда туулуп-өскөн орус армиясынын дагы бир аскери Украинада каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” өздүк булактарына таянуу менен жазды.

18-апрелде Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоевдин “Азаттыкка” билдиришинче, маркумдун жакындары анын сөөгүн Кара-Дыйкан айылында жерге берүү үчүн күтүп жатышат. «Сөөк келе элек, качан жеткирилери бүгүн билинет. Анын Россияга кеткенине көп болгон. Ошол жактан жарандык алган. Ал жактан аскерге кеткен. Ата-энеси ушул жерде жашайт» деди Жолоев.

Буга чейин 25-мартта Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев аттуу кыргыз жигиттин сөөгү Ысык-Көлдө жерге берилген. Бул окуяга удаа эле 27-мартта Кыргызстанда туулуп, кийин Россиянын жарандыгын алган Рустам Зарифулин Украинада каза болуп, сөөгү Кара-Балтада жерге берилген. Экөөнүн тең сөөгү Россиянын Канттагы аба майданы аркылуу мекенине жеткирилген болчу.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер