Президенттин ишине Тилек Усупов шек келтирип жатат
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевичке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичке жана коомчулукка
КАЙРЫЛУУ!
Биз, КР президентине караштуу коррупцияга каршы кеңештин мүчөлөрү (АДС) жана жарандык коомдук уюмдардын мүчөлөрү сиздерге кайрылуу жасап жаткан себебибиз төмөнкүдөй:
2024-жылдын 6-июнунда «Вечерный Бишкек» гезитинин редакциясында АДСтин мүчөлөрү жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен “АДСтин ишине коомдук уюмдардын катышуусун кеңейтүү” темасында жыйын өткөрүлгөн. Бул “тегерек үстөлдүн” өткөрүлүшү боюнча пресс-релиз берилген жана протоколу жазылган. Бирок ошол “тегерек үстөлдүн” өткөрүлүшү боюнча “Вечерний Бишкек” гезитинин сайтында туура эмес маалыматтар берилип кеткендиги боюнча кайрылып жатабыз.
Бул маалыматтарды берүү менен “Тилекмат Ата” фондунун төрагасы Тилек Усупов өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, сиздерди жана коомчулукту адаштырып жатат. “Вечерний Бишкек” гезитинин сайтында көрсөтүлгөн резолюция (пункттары менен) кабыл алынган эмес! Биз алар берген маалыматты “фактыларды фальсификациялоо” деп эсептейбиз жана чогулушка катышкандар андай резолюция кабыл алынбаганын тастыктап бере алабыз.
“Тегерек үстөлгө” АДС мүчөлөрү жана АДС менен меморандум түзүп иштеп келе жаткан 32 (отуз эки) коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, АДСтин жобосуна ылайык эки жарым жылдын аралыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилип, пикир алмашуулар болуп, “Тилекмат Ата” фондунун жана АКОСтун суроо-талаптарына жооп берилген.
“Тегерек үстөлгө” катышуучулар көтөргөн көйгөйлөр, сунуштар президенттин жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияда камтылганын түшүндүрүп, алдыда өлкөнүн эртеңкисине кайдыгер карабаган жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрүн мындан ары бирге иш алып баруу боюнча сунушу киргизилип, көпчүлүк сунушту колдоду. АДСтин эшиги өлкөгө салымын кошобуз деген жарандык уюмдар үчүн, “президенттин коррупцияга каршы саясатын кош колдоп кубаттайбыз” деген жана өз ишин таза алып барган коомдук уюмдар үчүн ар дайым ачык экени билдирилген.
Өлкөдө 23 миңден ашык жарандык коом катталган, анын ичинен 35-40 жарандык коом коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө иш алып барат. Албетте, 35-40 жарандык уюмдардын баардыгын АДСтин курамына киргизгенге мүмкүнчүлүк болбогондуктан, АДСтин мүчөлөрү менен меморандум түзүп иш алып барганга шарт түзүлгөндүгү билдирилген.
“Тегерек үстөлдүн” катышуучулары берген сунуш кабыл алынып, сентябрь айында АДС кеңири аянтчада жарандык уюмдары менен кезигип, 2025-2030-жылдарга бекитилген коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны аткаруу боюнча жарандык уюмдардын катышуусун камсыз кылуу боюнча чоң “тегерек үстөл” өткөрүүсү маалымдалган жана протокол менен чечим кабыл алынган (протокол тиркелет).
Т.Усупов бул жалган аракеттери менен Тилекмат акенин ыйык атын булгап жатат деп эсептейбиз. Бирок, бизге жеткен маалыматтар боюнча Т.Усупов жетектеген фонддун болгону эки эле мүчөсү бар экен. Ошондой эле ал ажобуз тарабынан кабыл алынган коррупцияга каршы стратегияга “чиновниктер тарабынан ишке ашырылбайт. Стратегия ишке ашпайт” деп анын ишке ашуусуна жана президент төрагалык кылган АДСтин ишине шек келтирип жатат.
Белгилей кетчү нерсе, Т.Усуповдун бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке же коомчулукка кошкон оң салымын уккан да, көргөн да эмеспиз.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Жогорудагы Т.Усупов тарабынан таркатылган жалган резоюция боюнча тийиштүү чара көрүлөт деп ишенебиз.
КР президентине караштуу коррупцияга каршы кеңештин мүчөлөрү жана жарандык коомдун лидерлери:
Шабданов Радик “Народный надзор” коомунун төрагасы, Исаева Рапия, КМУнун доценти, Даутов Ялкун БГУнун проректору, Койчуманова Чолпон КМУнун профессору, Ибрагимов Самат “Мыйзам-тартип, талап” коомунун төрагасы, Сейталиев Айдар “Башкы элдик көзөмөл” коомунун төрагасы, Тойчубаев Самаган “Жемкорлукка каршы көмөк” коомунун төрагасы, Мамбетов Мукаш “Түптүн айкөл инсандары” коомунун төрагасы, Иманалиев Сагынбек “Жети-Өгүз ынтымагы” коомунун төрагасы
"Азия Ньюс" гезити