Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Мырза: “Жерүй үчүн мени жулмалашып, бөйрөккө уруп кетишти”

Айбек Мырза: “Жерүй үчүн мени жулмалашып, бөйрөккө уруп кетишти”

27-февраль, 15:26
541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жерүй боюнча түзүлгөн элдик комиссиянын төрагасы менен маек... 

-- Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев Жерүй алтын кенин иштетүү маселесинин айланасында айткан пикирине кандай ойдосуң?

-- Губернатор Марат Мураталиевге ушундай комиссия түзүлүп жатканын кулакдар кылып, өз сунушумду билдиргем. Бирок, ал башка бир комиссияны айтууда. Ошондуктан биз өзүбүздүн элдик комиссиянын иштерин уланта беребиз. Ал мыйзамдуу жана легитимдүү.    

Губернатор эки сүйлөп жатат. Элдик жыйында “элдик комиссияга эл тарабынан Айбек жооптуу болсун” деген пикири болгон. Элдик комиссияны мамлекет тарабынан башкарууга укугу жок. Эми башкача сүйлөгөнү таңгалычтуу. 

-- Элдик комиссиянын отурумунда тоскоолдуктар, өмүрүңө коркунуч туулган жагдайга учурапсың...

-- Биринчи комиссиянын отурумун бузуу аракети жүрдү. 20-февралдагы жыйыныбызда белгисиз адамдар залга кирип келип, мени сыртка сүйрөп чыгууга аракет кылышты. Бирок, комиссия мүчөлөрүнүн аракети менен отурум аягына чейин уланды. Жыйындан чыккан учурда облустук администрациянын имаратында жарык өчүрүлүп, коридордо бейтааныш бирөө артыман бөйрөк тушума урду. Мен муну өз өмүрүмө коркунуч катары эсептейм. Президентке кайрылып, коррупцияга каршы иш аракет кылып жатсак, кээ бир өкмөт мүчөлөрү ишибизге тоскоолдук кылып жатышат. Менин оюмча, мамлекеттик комиссия түзүлсө, баардык нерсенин аныгы айтылат. Кызматтык териштирүү жүргүзүшсүн. Ошондо эле баары такталып калат. Биздин негизги оюбуз – 2015-жылкы конкурстун адилеттүүлүгүнө баа берүү. Кааласа Муса Бажаев Кыргызстанга келип, стол үстүндө адилеттүү сүйлөшсө, эмнеге болбосун? Ал тарабынан башкы кызматташуу түзүлүп, биздин мамлекеттин үлүшү кеминде 50%ды түзүшү керек. 

-- Бул чакырыктар Муса Бажаевдин өзүнө жетеби?

-- Жетет. “Альянс-Алтындын” директору Шубин да жеткирүүгө убада берген. Бирок, кандай жеткирет, кеп ошондо. Бул маселени чын-чынына келгенде губернатор дагы чечпейт. “Альянс-Алтын” компаниясынын директору Шубин дагы чечпейт. Муну Кыргыз Республикасынын президенти, премьер-министри Муса Бажаев менен сүйлөшкөндө чечиле турган маселе.

-- Өз кооптонууңду билдирип, президентке видео кайрылуу жолдодуң, реакция болдубу?

-- Азырынча боло элек.

Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер