Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдоочуга ок чыгарган инспектор 16 жылга эркинен ажыратылды

Айдоочуга ок чыгарган инспектор 16 жылга эркинен ажыратылды

22-ноябрь, 17:30
505 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 22-ноябрда Свердлов райондук соту Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн милициянын кайгуул кызматынын инспекторунун тапанчасынан ок тийип каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу мурдагы инспектор Д. уулу Ж. 16 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу маалыматты “Маралга” Жогорку соттун басма сөз катчысы тастыктады.

«Сот мурдагы инспектор Д.у.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратуу менен жазасын түзөтүү колониясында өтөө жана 3 жыл бою укук коргоо органдарында иштөөгө тыюу салды» деди Жогорку соттун басма сөз катчысы.

Кылмышка тийешеси бар делип дагы үч кызматкер кармалган болчу. Алардын баары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылып, ар бири жети жыл алты айга эркинен ажыратылган. Бирок үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынгандыктан, камактан бошотуу чечими кабыл алынган.

Эске салсак, 2021-жылдын 27-августунда кечинде милициянын кайгуул кызматынын инспектору жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган. Натыйжада ок жүрөгүнө тийип, 32 жаштагы киши каза болгон. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси атындагы мечиттин жанында болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер