Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Данияр Байгутуев: “Саха Якутия жергесинде башка улуттарга салыштырмалуу элибиз эмгекчил жана аброю бийик”

Данияр Байгутуев: “Саха Якутия жергесинде башка улуттарга салыштырмалуу элибиз эмгекчил жана аброю бийик”

14-сентябрь, 19:17
1 908 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздар дүйнөнүн төрт бурчунда ийгиликтүү, үлгү көрсөтүп иштеп, мекенинде калган жакындарына камкордук көрүп келишет. Саха Якутия Республикасында да учурда жети миңдей мекендешибиз турукташып жашап жаткан учуру. Жыйырма жети жылдан бери ал жерде эмгектенип, кыргыздардын ынтымагын бекемдеген "Манас" Кыргыз диаспорасынын жетекчиси Байгутуев Данияр Аскерович менен маек курдук.

-- Якутиядагы кыргыздар, аларга болгон жергиликтүү элдин мамилеси кандай? Канча жылдан бери жашаган мекендештерибиз бар?

-- Жергиликтүү элдин, бийликтин кыргыздарга болгон мамилеси башкаларга салыштырмалуу жакшы. Алды турукташып, 40-50 жылдан бери жашаган мекендештер бар. Көпчүлүгү 10-15 жылдан бери жашап, иштеп жүргөндөр.

-- Кандай көйгөйлөр, кандай жүрөк жылыткан көрүнүштөр менен ой бөлүшөсүз?

-- Жүрөк жылыткан көрүнүштөр тууралуу айтсам, ушул жакка келген мекендештер, жалпы баарыбыз эле жыргаганыбыздан келген эмеспиз. Бул жерден эмгектенип, жашоо турмушун, финансылык абалын оңдоп, үй алып, балдарды чоңойтуп жатканы кубандырат. Ошол эле учурда кейиткен көрүнүштөр – элибиз туулуп өскөн жерин таштап, бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөнү салт, тил, маданият, улуттук баалуулуктарга жарака кетирип жаткандыгы кейитет.

-- Кыргыздардын саны канча? Жолугушуп, кандай иш-чараларды өткөрүп турасыздар?

-- Кыргызстандан келгендердин саны 2010-2015-жылдары 35-40 миңге чейин барчу. Азыр ушул тапта 7000ге чукул. Ооба, Якутияда эле эмес Россия боюнча   кыргыздар чогулуп, үрп-адат, каада-салттарыбызды даңазалап турганга толук шарт жана мүмкүнчүлүктөр бар. Албетте жолугушуулар, өткөрүлгөн түрдүү иш-чаралар арбын. 

-- Ал жерде да кыргыздын кыздарынын шоктугу, “жүк-200” азаптары, кайгылары болсо керек?

-- Мындай проблемалар өтө сейрек. Себеби биримдигибиз күчтүү. Ушуга чейин бир да маркум каралбай калган жок. Угар замат каражат топтоп, учак менен узатып турабыз.

Кыз-келиндердин шоктугу балким көмүскө болуп жаткан чыгаар. Бирок, Кудай сактасын, көчөлөп жүргөн, жаман аты чыгып жүргөн кыз-келиндер жокко эсе. Тескерисинче, эже-карындаштарыбыз эки-үч жумушка орношуп, күндүз соода кылып, кечинде пол жууп, буту бутуна тийбей чуркап оокат кылып жүрүшөт. Эки-үч кафе, ресторандарды башкарып, кызматтарда иштеген уул-кыздарыбыздын да көбүн билем. 

Жердештерибиз орус тилди жакшы билишет эмеспи. Билбегендер да жарым жылбир жылда тез өздөштүрүп, өз оокаттарын тың алып кетишет. Бул сапат башка келгин улуттардан биздин жакшы өзгөчөлүгүбүз.

-- Эсте калган, якуттардын оозун ачырган окуялар, иш-чаралар болсо ой бөлүшсөңүз?

--Бир окуя эсиме түштү. Саха улутундагы жигиттин айтып берген тамашасы. “Жумуштан чыгып, автобуска отурдум. Жанымда кыргыз. Шоопуру да кыргыз. Үй жакка келдим. Дворник да кыргыз. 

Мончого барайын деп такси чакырсам, кыргыз келди. Мончодогу кызматчылар да кыргыз. Чыгып дүкөнгө кирсем, ал да кыргыз. Кайра такси чакырсам, дагы кыргыз келди. Үйгө кирип аялымдан “биз каякта жашап атабыз, Якутскидеби же Бишкектеби?” дедим” дейт.

Мектеп, жогорку окуу жайларда мугалим, ооруканаларда врач, маданият тармактарында, полицияда кызмат кылган кыргыздар көп. Алардын ишбилгилиги, жалпы элибиздин күжүрмөн, аракетчилдигинин натыйжасында бул жакта элибиздин аброю бийик.

-- Чет жактан айрыкча документ иштеринде көйгөй жаралбай койбойт, кантип чечесиздер?

-- Өткөн 2020-жылдын 15-июлунан баштап Якутск шаарында Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиликтин кеңсеси иштеп жатат. Натыйжада Якутиядагы кыргызстандыктарга көп жеңилдиктер пайда болду. Буга чейин жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоодо, документтерин жоготкон учурда жана башка көйгөйлөр менен Новосибирск, Москва шаарына же Кыргызстанга барып келүүгө муктаж болсо, азыр Якутск шаарында эле чечилип калды. Элчиликтин өкүлү Абдыманапов Жоомарттын адамгерчилик, ишмердик сапаттарын белгилеп, ыраазычылык айта кетишим парз. Себеби, бул өкүлчүлүк Саха Якутия Республикасында биринчи ачылган чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүк болгондуктан, коомчулукта терең кызыгуу жаратып, көңүл борборунда болду.   Жоомарт мырза жеке сапаттары, дипломатиялык ишбилгилиги менен Саха Якутиядагы кыргыздардын көйгөйүн эле чечпестен, улуттун даражасын дагы көтөрүүгө чоң салым кошту десек жаңылбайбыз. Учурдан пайдаланып, Саха Якутия Республикасындагы коомдук маанилүү иш-чараларга катышып же жөн гана адал эмгеги менен элибиздин зоболосун көтөрүп, анын аркасы менен мекенибиз Кыргызстандын экономикасына, өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келе жаткан ар бир мекендештерибизге таазим кылып, терең ыраазычылык билдирем!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер