Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүү кармалды

Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүү кармалды

22-февраль, 20:31
744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2022-жылдын 21-февраль күнү Аламүдүн РИИБүнө 1970-жылы туулган М.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан 18-февралына караган түнү   "MAN" үлгүсүндөгү жүк ташуучу автотранспортунун 2 даана аккумуляторун белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1995-жылы туулган К.К. аттуу  жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

 Териштирүү учурунда шектүү жарандын Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер