Алиярбек Абжалиевди үй камагына чыгарууну суранышууда
“Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Ошол боюнча Оштун Жапалак эли мага кайрылууларды жолдоп, үй камагына чыгарууну суранып жатат”.
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, Абжалиевди үй камагына чыгарып, тергөөнү улантса болот, себеби анын өлкөдөн качып кетүүгө ниети жок.
Алиярбек Абжалиевге 2021-жылы март айында УКМК тарабынан «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айып тагылган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен жана мамлекетке 50 млн. сом зыян келтирген.
Июнь айында УКМКнын басма сөз кызматы Алиярбек Абжалиев мамлекеттик бюджетке 20 млн. сом которгонун кабарлаган.
Абжалиев — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.