Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Абдылда Мусаев БМУну “малканадай” пайдаланып атабы?

Ректор Абдылда Мусаев БМУну “малканадай” пайдаланып атабы?

19-январь, 09:30
1 577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аскар Акаевдин бийлигинин арааны жүрүп турганда, БГУнун ректору Ишенгүл Болжурова проректору Аскар Бекбоевдин суранычы менен Абдылда Мусаевди институтка директор кылат. (Баштапкы аталышы БГУ, акыркы жылдары БМУ деп өзгөргөн). Көп өтпөй көшөгө артынан интригалар башталат. Шумдугуң кургур! Жагынуу жагынан “мастер” Мусаев досу Бекбоевге тымызын ор казып, Болжуровага жаман көрсөтүү аракетин козутат. Акыры жакшылыкка жамандык менен четке сүргөнү белгилүү.

2005-жылы төңкөрүштөн соң БГУга маңыз Жолборс Жоробеков ректордун милдетин аткаруучу катары дайындалат. Бирок шайлоого келгенде утулуп, Абдылда Мусаевге жетекчиликти тарттырып ийип атпайбы. Кантип? “Аялым түштүктөн” деген тууганчыл аракети менен Курманбек Бакиевдин жакындарына жол таап, күйөө бала катары кол куушуруп, куйтулугун салганычы? “Дипломаттыгы” ченде жок ректордун карьералык өсүшү ошондо башталып, убакыттын удулу менен билим берүү министрлигине секирик жасайт. Ортозаар жетекчи, “халтурщик” илимпоз катары илең-салаң иштегени эсибизде. Ушул жерден бир чуулганга токтололу. Мусаев министр болуп турганда, окуу китептерине бөлүнгөн 80 миллион сомду Максим Бакиевдин фирмасына которуп салганын “Алиби” гезити жазып чыккан, коррупцияга шектелди беле? Убагында бул жорукка эч ким даап сөз айта албай, “жабылуу аяк жабылуу” бойдон калганы кандай? 80 миллион сомдон, же китептерден жок, аягы каңырык түтөттү го? 

Ошентип, 2010-жылдан кийин Абдылда Мусаев ишинен бошотулуп, убактылуу көчө таптап калат. Бирок, амалдуу кишиге айла жок тура. Агезде Икрам Илмияновдун арааны жүрүп турганда, “аялым лейлектен эле” деп жезде боло калып, кайрадан БГУнун ректорлугуна минип атпайбы. Билим берүүнүн сапатын жакшыртпай, көрүнө да, көмүскө да “жегени” жалганбы?..

Кызыгы, улам келген бийликке келиндей жүгүнүп, кошомат кылуу жагынан “академикке” айланып, бетинен май тамып бүтүптүр. Сокенин үч жылдык доорунда да ордунан козголбой иштеди, чиркин! Жогору жакка киши салып атып...

Октябрь төңкөрүшүнөн соң бир жери бүлкүлдөп, кызматынан сарсанаа тартып жүргөнүн коллегалары эле айтып калышчу. Кантсе да “жойкума” адам эмеспи, былтыр Ысык-Көлдүн элитасына эрмешип, тилин табуу менен кайрадан БМУнун ректоруна шайланып, ээлеген кызматын узартып алды. Ошондо 10 жылдан ашык убакыттан бери ректорлукту менчик “малканасындай” эле пайдаланып калдыбы? Окуу жайды оңдой албай артка тартып. А баса, былтыр күзүндө президенттин аппаратына жакшы көрүнүү үчүн БМУнун астына Кусейин Карасевдин эстелигин тургузду. Көлдүктөрдүн каймагы, интеллигенциянын көч башындагы инсанды көкөлөтүп, даңктоонун үлгүсүн көрсөтүмүш этип. Бул ишти 15 жыл мурун жасабай, азыр ыңгайы келип турганда пайдаланганын карачы? Чечмелөөнүн кажети жок.

Баса, убагында УИАнын корреспондент-мүчөлүгүн Лайли Үкүбаевадан талашып, жаңжалдашып, экөө тең өтпөй калган жайы бар. Бул боюнча Үкүбаеванын айтымында, Мусаев кыянаттык кылуу менен Бакиевдерге таянып, бут тосконун шардана кылып жатпайбы...

Кыскасы, БМУда “түшпөс хандай” отурган Абдылда Мусаев окуу жайды канча жылдан бери оңдой албай, өз көмөчүнө күл тартып, сылаң короздонуп келет. Билим берүүнүн сапаты жакшырбай, паракорчулук ашынганы, проректору коррупцияга айыпталганы, ал эми кадр саясатын дос-жарга, тууганчылыкка пайдаланганын кантебиз? Эмне үчүн баа берилбейт? Тийешелүү органдар ишмердигине кызыгып көрүшпөйбү? Же БМУну талкалап туруп, басып кеткенде гана чара көрөсүңөрбү? Кыскасы, олуттуу суроолорго жооп алынса... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер