Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сокулукта келинине болушкан кайната кызын сабатып, тапчанга байлаттырды

Сокулукта келинине болушкан кайната кызын сабатып, тапчанга байлаттырды

08-ноябрь, 12:02
4 785 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сокулук райондук сот эжесин ур-токмокко алууга айыпталган Акылдын (аты өзгөртүлдү) ишин карап, өкүм кабыл алды.

Ал Жалал-Абад облусунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү. Мурда соттолгон эмес. Убактылуу иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, айыпталуучу Акыл 2021-жылдын 2-июлунда саат 22:30 чамасында эжеси Болдукан (аты өзгөртүлдү) менен болгон пикир келишпестиктен чыккан уруш учурунда жабырлануучуну оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. Андан соң атасы Ашым (аты өзгөртүлдү) менен биргеликте кол менен бир нече жолу уруп, Болдукандын эки колун байлап, саламаттыгына залакат келтирген.

Айыпталуучу Акыл сот отурумунда күнөөсүн мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берди: 

2-июлда саат 10:30 чамасында жабырлануучу Болдукан анын аялына кол салган. Ал алардын ортосуна түшүп ажыраткан. Ошол маалда аны 1-2 жолу чапкан. Бирок жабырлануучу тополоң салып, жолдогу таштарды терип келген. Ошондо атасы ага «Болдуканды байлап сал» деп айткан. Акыл макул болуп, эжесин шапалак менен жаакка эки жолу чаап, эки колун байлап койгон. Андан кийин милиция кызматкерлерин чакырган.

Сот отурумунда жабырлануучу Болдукан төмөндөгүдөй көрсөтмө берди: 

Ал үй алып, бирок ал жерде жашоого шарт болбогондуктан, инисинин үйүндө жашап жаткан. Ата-энеси айылдан келип, «сен үй алып, анан бул жакта эмне себептен жүрөсүң? Келин сага кызмат кылып жатыптыр. Сенин чыныңды жууп жатыптыр. Ага күн көргөзбөй жатыптырсың. Үйүңө кет» деп айтышкан. Анда жабырлануучу «мен булар ойгоно электе жумушка кетем. Кайра уктап жатканда келем. Эч кимдин тынчтыгын алган жокмун. Бир ай иштеп, жаңы алган үйдүн дааратканасын, суусун оңдоп алайын. Ага чейин мени кубалабагыла» деп айткан.

2-июлда жабырлануучу өзүн жаман сезип, жумушка чыкпай калган. Саат 10:30 чамасында эжеси менен отурган. Ошол маалда айыпталуучу көчөдөн кирип келери менен апасы анын кулагына «эки эжеңди кетир. Бул жакта келин эки баласы менен жашайт» деп айткан. Эжеси «эмне эле үйдөн кубалайсыңар? Силер айтпасаңар деле кетет. Баары ушул бир келиниңердин сөзүнүн айынанбы?» деген. Ошондо келини эжесине атырылып баштаган. Ортодон уруш чыгып, атасы айыпталуучуга «каңкылдатпай жаагын жаап, сабап салчы!» деген. Акыл ордунан туруп эле эжесин бет тарапка муштаган. Ал жерге кулап түшкөн. Аны көргөн Болдукан дарбаза жакка качкан. Дарбазанын илгичин ачкычакты айыпталуучу аркасынан жетип келип, чачынан кармап, тапчанга чейин сүйрөп барган. Андан кийин Акыл атасы экөө эжеси менен жабырлануучу чачынан кармап алып бир нече жолу мушташкан. Ошондо атасы «жип алып кел, байлайбыз» деген. Айыпталуучу гараждан жип алып келип, эжеси экөөнү тең байлап коюшкан. Эжеси «мени коё бергиле. Жумушка бармакмын, мага жумуштан телефон чалып жатышат» деп айтканда, эжесин коё беришкен. Ал эми Болдуканды тапчанга байлап, иниси дагы бир нече жолу шапалак менен чапкан.

Эжеси болсо жумушту шылтоолоп чыгып, милиция кызматкерлерин чакырып келген.

Акыл Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен күнөөлүү деп табылып, ага 30 миң сом айып салынды.

Турмуш кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер