Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Министр, депутат, президентке чейин акырындан өлүп жатабыз...”

Балбак Түлөбаев: “Министр, депутат, президентке чейин акырындан өлүп жатабыз...”

12-декабрь, 17:10
461 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындай пикирин бүгүн, 12-декбарда депутат Балбак Түлөбаев Бишкектеги абанын булганышы, ыш маселеси каралып жаткан парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал өкмөткө кайрылып, Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн шаардын тегерегинде жайгашкан конуштардагы үйлөргө газ киргизип, аларды кышында газ менен жылытууга өткөрүү керектигин айтты. Жарандар үйлөрүнө газ киргизүүсү үчүн өкмөт аларга насыя бериши зарыл. Ошондой эле унаалардын күйүүчү май жана катализатор маселелерин чечүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, ыш көйгөйү Бишкекте эле эмес, Ош шаарында да бар.

«Бизге душмандын кереги жок, бизди ыш эле өлтүрөт. Жөнөкөй жарандан баштап министр, депутат президентке чейин акырындан өлүп жатабыз. Тез арада газдаштыруу жана унаалардын күйүүчү май маселесин чечүү керек. Дароо, ыш көйгөйүнүн 60-70%ы чечилет. Мэриянын бул жаатта алы келбейт. Ага өкмөт жардам бериши керек» деди ал.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 2022-жылдын 12-декабрында Бишкек алдыңкы үч шаардын катарына кирди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер