Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Баткендин жерин тажиктерге өткөрүүгө шектелген Жеңиш Разаков жазасын алабы?
Баткендин жерин тажиктерге өткөрүүгө шектелген Жеңиш Разаков жазасын алабы?
03-июнь, 23:20
2 225 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Баткенге барып, жергиликтүү элдин датын укту. Кайрылгандар бир ооздон Жеңиш Разаковго ачууланышып, Баткендин жерин Тажикстанга өткөрүп салганын, каршы чыккандарды коркутканын айтышты. Дал ушул эргулдун айынан чыр-чатактар байма-бай болгону, жерибиздин коңшу өлкөгө өтүп кеткени талкуу жаратты. Садыр Жапаров тийешелүү документтерди карап, Жеңиш Разаковго баа бере турганын убадалады. Эми чыныгы күнөөкөр жазасын алабы? Эске салсак, мурунку бийликтердин убагында Разаков Баткен ОИИБ начальниги, губернатор, вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Дал ушунун убагындагы тажиктер менен талаш жараткан жерлерди бийлик тыкыр иликтеп, жазасын берсе, кийинки чиновниктерге да сабак болот эле.
"Азия Ньюс" гезити