Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Курсан Асанов үй камагына чыкты
Курсан Асанов үй камагына чыкты
12-апрель, 11:59
430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкек шаардык соту 12-апрелде ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду үй камагына чыгарды.
Асанов Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.
Курсан Асанов былтыр Бишкекте октябрь окуяларындагы калайман башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган. Ал соңку президенттик шайлоого катышкан жана жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.