Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биз БУУнун өкүлүбүз. Венециялык комиссиянын чыгарган бүтүмү тоскоолдук жаратпайт”

“Биз БУУнун өкүлүбүз. Венециялык комиссиянын чыгарган бүтүмү тоскоолдук жаратпайт”

04-апрель, 22:37
616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

31-март күнү Башмыйзамдын жаңы редакциясын конституциялык кеңешменин мүчөлөрү кайрадан бышыктап, чийки жерлерине бир аз токтолушту. Жалпы жонунан даяр болуп калганын баарылап айтышып, президент Садыр Жапаровдун “Конституциянын жаңы редакциясынан калпыстык кетсе кеңешменин мүчөлөрүнөн сурайбыз” дегени талкууга келгендерди бир аз сестентти.

Турат Акимов:

-- Конституция мен үчүн Кыргызстан калкынын келечегине арналган тилеги, мурасы. Кыргыз эли кандай баалуулуктарга, кандай касиеттерге таянат жана кандай келечегин көздөйт, кандай мамлекетти курат? Дал ушундай көз караштарды билдирет. Кыргыз эли башка улуттун, тышкы мамлекеттердин мыйзамдарына баш ийбей, өзүнүн гана мыйзамдарына таянып иш кылыш керек. Азыркы Башмыйзамды мен убактылуу гана дээр элем. Эгемен алган жылдан тарта Башмыйзамыбыз 10 жолу өзгөрдү. Азыр да өзгөрүүнүн алдында турат. Мындан мурунку, 2010-жылдагы Конституциябызда мамлекеттин түзүлүшү парламенттик жакка ыктап, анын тагдыры эмне болгонун айтпасам да өзүңөр билесиңер. Конституцияны өзгөртүп, бара-бара биз терең ой жүгүртүү менен карап, жанагы бийликтин үч бутагын тең салмактуулугун сактай алсак, анда баары жакшы. 

Кемел Ашыралиев:

-- Бул Башмыйзамга Садыр Жапаровду байланыштыруунун кажети жок. “Бийликти түп-тамырынан бери башкарып тургусу келип атат” деген – суу кечпеген сөз. Конституциянын жаңы редакциясы каалайбызбы-каалабайбызбы баары бир кабыл алынат. Президентке ыйгарым укуктар ченемсиз берилгени коомчулук тарабынан катуу сынга кабылды, туура. Эгер президент Адахан Мадумаров же Өмүрбек Бабанов болуп калганда мындан да катуу болмок. Алар Башмыйзамга “баардык бийлик президенттин гана колунда болот” дедирмек. Диктаторго айланышмак да, Кыргызстан демократиялык өлкө макамынан толук кандуу ажырамак, мамлекет артка кетмек. А бул Башмыйзамда бийликтин жогорку бутактарынын орчундуулары парламентке ыйгарылып атат. Кандайдыр бир тең салмактуулук бар экени байкалат. Мен президентке жагынуу же бийликке умтулууну көздөгөн жокмун, калыстык үчүн гана аксакалдык сөзүмдү айтып отурам.

Чолпонкул Арабаев:

-- Бизде азыр эмне көп? Эксперт көп. Иттин кара капталындай каптап кеткен. Мындай эксперттер конституциялык кеңешмеде да жүрүшөт. Аларга эмне дейт элем? Журналисттердин берген суроолоруна бир аз да болсо даярданып, айта турганын ойлонуп туруп айтышса жакшы болмок. Ойду-тоону оттоп, коомчулуктун башын айлантып кимге кереги бар? Айрыкча айыл жергесинде жашаган карапайым эл кыйналып атат. Алар гезитке эмне деп жазылса, ошого ишенип көнүп калышкан. Кээ бир аналитиктер “Жаңы Башмыйзам эл аралык стандартка жооп береби?” деп суроо салып атышат. Мен айтаар элем, албетте, жооп берет! Биз БУУнун өкүлүбүз. Венециялык комиссия маа десе 40 эмес 400 барактан турган бүтүм жазса да биз өзүбүздү өзүбүз аныктаган мамлекетпиз. Тоскоолдук жаратпайт. Башмыйзам референдумдан өткөндөн кийин жүздөгөн мыйзамдарды кабыл алса болот. Мен билгенден, конституциялык кеңешменин декабрь айында чыгарып берилген корутундусу Венециялык комиссияга жөнөтүлүптүр. Котормолорунан да кемчиликтер бар экен. Демек, айта турган ойлорубуз али алдыда.        


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер