Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрксиздер тарабынан эне тилибиз басмырланып келсе, эми көздүн карегиндей сактайлы

Эрксиздер тарабынан эне тилибиз басмырланып келсе, эми көздүн карегиндей сактайлы

25-сентябрь, 19:30
351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз тилин бүт дүйнөгө тааныткан адамдардын бири – белгилүү түрколог-лексикограф, Кыргыз ССР илимдер академиясынын анык мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Юдахин Константин Кузьмич экени жалпы коомчулукка маалым. Ал өзүнүн “Кыргызча-орусча сөздүгүн” 1940-жылдан баштап 1965-жылга чейин изилдеп, тактап, толуктап отуруп, акыры кыргыз элинин алтын казынасына тете, кырк миңге жакын кыргыз сөздөрүнүн таржымалын орусча жана кыргызча түшүндүргөн 2 томдук ат көтөргүс эмгегин кыргыз элине арнап калтырып кетти. Ошол эле убакта кыргыз элинин даанышман устаты Кусеин Карасаев ашык-кеми жок, кадимки жылдыз санаган сыйкырчы-илимпоз катары ар бир сөздү терип-тепчип, бапестеп, бири-бирине шурудай кынап, кырк жылдан ашык (1940-1983) убакыттын ичинде иштеп чыккан эбегейсиз зор эмгегин кыргыз элинин кадимки классикалык “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү” деп билебиз. Ал эмгек чындыгында ушул убакытка чейин улуттук руханий байлыгыбыздын баа жеткис базиси болуп эсептелет. 

Андан кийинки убактарда кыргыз тилинин тагдыры кандай болгон күндө да, насили сөз баккан жана убакыттын талабын түшүнгөн уюткулуу кыргыз элибиздин чыгаан уул-кыздары 2009-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетечилиги астында К.Карасаев калтырган жандуу эмгегин толуктап, тактап, 80 миң сөздөн турган “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн” 10 миң нуска менен кайра басып чыгарып беришти. Бул, албетте, чексиз руханий байлык.

Айтайын дегеним, тагдыр тартуулаган ушундай чексиз руханий байлыгыбызды бапестеп, өз алдыбызча ээн-эркин пайдалана албай, “ким эмне дейт?” деп кылчактап, бири-бирибизди күнөөлөп, жүдөп, эптеп-септеп “эл катары” күн кечирип келгенибизге мына быйыл 60 жылдан ашык убакыт өтүп кетиптир... Ал тагдырды өз убагында ашынган интернационалист катары бийликке келген эл башчылары тандап алышып, элдин атынан эне тилин сатып, саясый карьера жасап өтүшкөнү айтса-айтпаса төгүнбү дегендей, айныгыс факт жана ачуу чындык болуп калды. 

Кыргызда “бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, алтымыш жылдан ашык убакыттын ичинде, албетте, кыргыз элибиздин тарыхында көп нерселер өзгөрүлдү. Мисалы, эне сүтүн унуткан маңкурттардан кийин элибизди эгемендүүлүктүн эйфориясы каптап, эл башына келген эрксиз, Батыштын саркынды демократиясына сугарылган саясый чыккынчылар Кремль тарабынан атайын уюштурулган афёранын негизинде орус тилине расмий статус берилип, иш жүзүндө кыргыз тили мамлекеттик тил катары арсар абалда калган. Анын “үзүрүн” акыркы чейрек кылымдын кыйырына чейин КМШ өлкөлөрүнүн арасында кылдан кыйкым издеген орус элчилеринин жана “Роснадзор” уюмунун эксперттери тарабынан талуу жерибизди таап алып, кыянаттык менен таңуулаган кур дооматтарынын азабын жакшы эле тарттык. Эми-эми гана эсибизге келип, жаңыдан бутубузга туруп, эл катары эгемендүүлүк статусубуздан пайдаланып, өз алдыбызча өз жерибизде, өз элибизде, өз эне тилибизде эркин сүйлөп жашоого бел байлап турган убагыбызда, көпчүлүк элибиз күбө, дагы канча белгилүү улуттук чыккынчы, коомдук ишмерлер катышкан пресс-конфренциялар атайын уюштурулуп, ар кандай ашкере каралоо менен бирге коркутууга чейин барышпадыбы... 

Ооба, “кыңыр иш кырк жылда да билинет” деген эл сөзүнүн калети жок экендигине биз дагы бир жолу күбө болуп отурабыз. Ал кыңыр иш тууралуу “Азия Ньюс” гезитине берген материалында белгилүү саясый илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков мырзанын “эгерде Насирдин Исанов президент болуп калганда, биз мынчалык алдастабайт элек” деген эскерүүсү болду. Ал эч тайсалдабай туруп, “...анын көзүн тазалоо эл аралык мафия деген атка конгон Бирштейн эле эмес, өзүбүздөгү көзү акчага тойбогон үлкөн чиновниктердин да максаты болгон” деп бир сөз менен эле ачыктап, ордуна коюп койду. 

Бул окуя, менимче, акыркы алтымыш жылдан бери биринчи жолу ачык айтылган СААМАЛЫК десек туура болчудай. Анткени бул турмушта ачык айтып, түз жүрүү – өзүнчө эле бир эрдик! Ал эрдикке барыш үчүн, албетте, эрк керек. Ал эрк, албетте, ошол эл бир добуштан кабыл алган саясый шартта жеңип чыккан инсандын колунда. Ал эрк – элдин ишеними. Убагында Арстанбек атабыз “элиң менен бийиксиң, элден чыксаң – кийиксиң” деп айткан.

Азбы-көппү, өткөн толук эки жылдын ичинде кыргыз элинин эзелтен бери эбегейсиз көйгөйү болуп келген Кумтөр кен байлыгы БУУнун экология боюнча эл аралык комитети тарабынан колдоого алынып, Кыргыз мамлекетинин менчигине кайрылып берилди. 

Экинчи көйгөй, кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча эки жылдан бери эки элдин трагедиясына айланган кандуу согуш 193 мамлекеттин жетекчилери катышкан БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 77-сессиясында (Нью-Йорк ш.) каралып, Кыргыз мамлекетинин коопсуздугун жана бүтүндүгүн сактоо боюнча чечим кабыл алынып, мындан ары инцидент кайталанбас үчүн тажик тарапка катуу эскертүү берилди. Бул жерде кошумча айта кетүүчү нерсе, ал сессияда КР президенти Садыр Жапаров өзүнүн атайын билдирүүсүн кыргыз тилинде сүйлөп, бардык маселени жеринде чечүүгө жетишти.

Жана үчүнчү маселе, 2021-жылы кабыл алынган КР жаңы Конституциясына ылайык “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жоболорун иштеп чыгуу КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга тапшырылган. Комиссия иштеп чыккан жаңы мыйзамдын долбоору бир жылдан ашык убакыт коомчулукта кызуу талкууланып, жыйынтыгы Жогорку Кеңештин кабыл алуусуна жиберилген. ЖК аны 2023-жылдын 25-майында кабыл алып, эки айдан кийин (17-июлда) КР президенти ага кол коюп берген. Ага карабастан орус бийлиги тарабынан одоно кийлигишүүлөр орун алып, ага президент Садыр Жапаровдун “Кабар” агенттиги аркылуу берген жообуна кайрылсак: “Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп жатса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче, орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма Башмыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Бул жерде биз өз эне тилибизди толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Анткени мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар, жарымы орусча, жарымы кыргызча. Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрүшүбүз зарыл. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсең, ошончолук өзүңө жакшы эмеспи” деп өзүнүн позициясын тактап берди.

Бул факт эмнеден кабар берет? Ооба, эгемендүүлүккө жетишкенибизге 32 жыл болгонуна карабастан, дүйнөлүк геосаясатта өкүм сүргөн өзгөчө өзүмчүлдүк идеологияны карманган эл аралык реакциячыл күчтөр да бар экенин далилдеп турат. Мисалы, Кыргызстанда эле илгертеден бери Батыштын саркынды саясатын карманган “Азаттык” (Свобода), “Клоп” ( Кантала), “Гнида” (Сирке) ж.б.у.с. алдамчылык менен элдин канын соргон бузуку уюмдар бар. Алардын бир эле максаты – кылым карыткан улуу кыргыз элинин бийик рухий дүйнөсүн бузуп, көроокатка алдырган көрпенделерди жаратып, аларды моралдык кул катары пайдалануу...

Бирок алар өздөрү күнүмдүк кызыкчылыкка алданып, түпкүрүндө кыргыз эли ким экенин таптакыр унутуп коюшкан. Эмесе, мен алардын эсине салып коёюн...

Чыгыш элинин улуу акыны Низами Гянджеви (1141-1209) өзүнүн “Искандер-Наме” поэмасында жазып калтырган: “Улуу аскер башчы Грецияны, Египетти, Сирияны жана Мараканды багындырып, эми Индияны көздөй жолго чыгат. Алыстан Теңир-Тоонун карааны көрүнгөндө ал алдынан ажайып шаарга туш келет. Ал шаардын эли улуу аскер башчыны атайын тосуп чыгып, улуу даражалуу конок болуп кетишин өтүнүшүп, хансарайга чакырышат. Искандер ыраазычылыгын билдирип, сый конок болуп отуруп суроо салат: “Эмнеге шаарыңар ачык турат, сакчысы жок, бак-шагыңар гүлдөгөн, бакчысы жок, мал-жаныңар жайылып эркин жүрөт, эмнеге элиңерде берешендик тапкан түнөк?” деп. Ошондо шаардыктар Искандерге мындай деп жооп беришет: “Биздин күч – күчтө эмес, биримдикте, биздин күч ишенимде, ийгиликте, байлык менен бийликтин эч кимге кереги жок, колунда бары колунда жогуна, алдуусу алы жогуна кызмат кылат” деп.

Буларды уккан, көргөн Искандер абдан таңгалат. “Мен эмне үчүн ушунчалык жер кезип, жанды кыйнап, элин чаап, шаарын бузуп, байлык жыйнап, анан жеткен бийлигимди кимге берем? А байлыгым кимге калат?.. Анда мен ушул элдин жашоосун көрүп туруп, мындан ары кайда барып, эмне кылам?” деп мекенине кайрылып келген экен...

“Ал “бактылуу шаар”, - деп жазат Мариэтта Шагинян өзүнүн эскерүүсүндө, -- поэманын автору так көрсөткөндөй, Хан-Тенгри тоосунун этегинде “Хиргизге” барчу жолдо жайгашкан. Жана ал окуянын убактысы да так көрсөтүлгөн – биздин заманга чейинки 325-жылы болгон окуя” (М.Шагинян, собр.соч. т.5, стр.821-825, изд.М., “Художественная литература”. 1988).

Менин айтайын дегеним, ошол карт тарых тастыктагандай, түбү терең, пейили кенен элибиздин урпактары бүгүнкү күнү өз элинин тагдырын колуна алып, президентибиздин эң алгачкы жарлыгы менен “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” белгилегендей, “биздин элдин миң жылдык тарыхы элдин сакталышынын жана өнүгүүсүнүн чыныгы себептерин жана шарттарын далилдеди. Бул биринчи кезекте биздин тил, маданият, салт, үрп-адат болуп саналат. Алар биздин жашоо мүнөздү калыпка салат жана бекемдейт”.

Демек, чын-чынына келгенде, ар бир улуттун жана мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын эң негизги пайдубалы болуп анын тили жана дили кызмат кылары шексиз. Ошол касиеттер көздүн карегиндей сакталган убакта гана биз өзүбүздү татыктуу эл катары сезип, сыйлап, жогорку деңгээлдеги ийгиликтерге жетише алабыз. 

Ооба, ал албетте, улуттук, мамлекеттик идеология. Азыркы учурда аны тездетип иштеп чыгып, коомчулуктун талдоосуна коюп, Жогорку Кеңештин чечимине ылайык мыйзам катары кабыл алуу жалпы кыргыз элибиздин ыйык милдети деп түшүнөм. 


Кеменгер элиме ишеним артып, терең урматым менен

Карыбай Турусбеков 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер