Кадыр Кошалиев: “Кара чүмбөткө жамынган аялдар түндөсү алдыңан чыга калса жүрөгүң түшөт”
-- “Жоолук маселесин чечүүнүн бир гана жолу – мектеп формасын киргизүү керек” деп жакшы маселе көтөрдүңүз. Коомчулук кандай кабыл алууда?
-- Сөздүн чынын айтканда, жоолук эмес, мындан ары өнүгүү жолун талкууласак жакшы болот эле. Бирок жоолук маселеси коомчулукта ушунчалык кызуу талкууга айланып кеткендиктен, өз оюмду социалдык тармактар аркылуу билдирдим. “Бул маселени чечүү үчүн мектеп формасын киргизүү керек” деген ойду айттым. Социалдык баракчадагы жүздөгөн адамдар пикирлерин айтып жатышат. Көпчүлүгү “мектеп формасы керек” дешүүдө. Кызуу кандуулукка алдырып, биротоло майдаланып кетүүнүн кереги жок. Кыргыздын салты боюнча Чуйковдун сүрөтүндөгүдөй чекеге жакшынакай кылып келиндер жоолук салынып алышса болот. Бирок мен “аялдар көзүн эле калтырып, чүмбөттөлүп, кара чычаладай болуп (түндөсү алдыңан чыга калса кишинин жүрөгү түшө тургандай) кийинбеш керек” деген ойду айтып жатам. Негизинен илим-билимге, руханий маселеге маани беришибиз зарыл. Ошондо биз өнүгөбүз. Мектептеги билим, тарбия маселеси боюнча талкуу көрсөткөндөй ушуга да кайрылып, жалпы билим берүү багытындагы жакшы тажрыйбаларды алышыбыз керек. Кыргыз өзүнүн улуттук этно-педагогикасындагы жакшы табылга үлгүлөрдү колдонуп, билим, тарбия берүүнүн жаңы стандартын иштеп чыгуу керек (!) деген ойдомун. Ал эми жоолук бүгүнкү күндөгү талаштуу маселеге айланып кеткени үчүн кайрылдым. Негизи, мамлекеттин туура жолдо өнүгүүсү – бүгүнкү күндөгү негизги талкуулай турган көйгөйлүү маселе. Менин оюмча, кыргыз мамлекети 30 жыл бою батышчыл, ачык либералдык коом деген жол менен келе жатып, ушундай байпагын башына кийип алган башаламан заманга келип кептелдик. Кыргызстанга жүздөгөн диний агымдар келишип, өздөрүнө тартышууда. Өкмөттүк эмес уюмдар, партиялар бөлүп жатат. Демек, кыргыз элин бирдиктүү бир мамлекеттик саясый идеология менен туура жолго салбасак, мындай бөлүнүп-жарылуу улана берет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити