“БЕЛГИСИЗ БИЛИМ”, ИЗИ ЖОК ИЛИМ


Математикада “белгисиз” деп, кандай мааниге ээ болору алдын ала анык эмес болгон чоңдуктарды айтып келебиз. Бүгүнкү мектеп билим берүү системасындагы окутуу программасына көңүл буруп карап көрүп, 11 жылдык билим берүүдөн кандай натыйжа күтүүгө болоруна башым жетпей, аны “белгисиз билим” деп атоого мажбур болдум.
Президентбиз С.Жээнбековдун 25-сентябрда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри болуп дайындалган К.Исаковдун антын кабыл алуу аземинде билим берүү системасын көйгөйлөрүнө токтолуп, аларды биргелешип чечүүгө гана болорун, убагында өз агымына ташталган билим берүү системасын реформалоонун башталуу чекити катарында түшүндүм. Демек, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын оңдоого, санариптештирүүгө, алдыңкы технологияларга негизделген айыл чарбасы менен өндүрүштү түзүүгө, карыздарыбызды төлөөгө жөндөмдүү муунду тарбиялоо маселеси, бир министрликтин гана эмес, жалпы коомчулук менен бийлик структураларын аракети аркылуу чечилүүчү орчундуу маселе экендиги расмий түрдө моюнга алынды. Ошондой эле премьер-министрибиз М.Абылгазиевдин 28-августтагы өкмөттүк жыйында билим берүү системасын окуу программаларына, окуу китептерине көңүл буруп, айрыкча так илимдерди окутууну жолго коюу зарылдыгын баса белгилеши, өлкөнүн бюджетинен билим берүүгө 20% каражат бөлүп жаткан мамлекетибиз, билим берүүдөн күтүлүүчү натыйжа катары дүйнөлүк конкурренцияга туруштук бере турган алдыңкы технологияларга негизделген айыл чарбасы менен өндүрүштү, санариптешкен өлкөнү башкарууга жөндөмдүү илим-билимдүү кадрларды даярдоону түшүнөрүн билдирди. Ошентип, саясый бийлик алгачкы жолу эгемендүүлүктүн 28 жылында билим берүү жана илим министрлигине жумшалган бюджеттик каражаттан кандай натыйжа күтөрүн ачык айтып, билим берүү системасын кандай нукта уюштуруу зарылдыгын белгилегендей болду. Анткени эгемендүү өлкөнү түптөө доорунда саясый чөйрө негизинен бийлик жана байлык талашуу кумарынан чыга албай калганын коррупция менен күрөштүн бүгүнкү жүрүшү далилдеп турат. Бул доордо экинчи планда калган айрым тармактардын ичине билим берүү менен илим системасы да кошулуп, аны реформалоо менен уюштуруу ырыскысы демократиялык чакырыктарга жамынып, саясатка аралашууга аракеттенген коомдук фонддор менен саясатчыларга, жаштарды тарбиялоо аркылуу өлкө келечегин өз колуна алуу максатын көздөгөн четтиктерге, кала берсе окутуу саатын талашып чырдашкан курук чечен кесиптештериме берилгенине күбө болдук. Премьер-министрдин өкмөттүк жыйындагы (28-август) сөзү мындай реформанын натыйжасын көрсөтүп, билим берүүгө кайдыгер мамиле жасап, анын тагдырын көчө командаларына салып берген “уяттуу” интеллигенциянын, мугалимдер менен илимпоздордун намысына тийет (!) деп ойлойм. Анткени СССРдин мезгилинде калыптанган илимдер академиясы баш болгон илимий-педагогикалык чөйрө өлкөбүзгө эгемендүүлүк шарттарында дүйнө элдери менен теңата жашап кетүүсүн улап кетер жаштарды окутуп тарбиялай турган окутуу программасын сунуш кыла албады. Натыйжада окутуу программалары негизинен гуманитардык багыттагы жеңил патриоттук сезимдерди, диний ишенимдерди калыптандыруучу билимдерге басым жасап, окуучуларга дүйнөнү 36 тамганын чегинде гана таанып үйрөнүүгө шарт түздү. Бирок, тамгалар аркылуу кара сөз түрүндө берилген маалыматтарды, сезимдерди гана окуп-жазып түшүнө алганыбыз менен көп кырдуу дүйнөнүн кереметтерин толук таанып, алдыңкы технологияларды колдонуу менен жашоо турмушубузду жеңилдетүүгө жана көз каранды эмес экономиканы түптөөгө даремети жеткен муунду тарбиялоого, кара сөзгө таянган куру чечен билермандык билим жетишсиздик кылат. Мындай технологиялар так илимдердин тилинде гана жазылгандыктан, дүйнөдөн өз ордун тапкан баардык мамлекеттер коюлган максаттарга жараша, башкы көңүлдү так илимдерди окутууга буруп келет. Жашоонун дүйнөлүк базарында так илимдерди өздөштүргөн жаштар гана өз ордун таап кетерин, так илимдер менен англис тили боюнча сабактарга басым жасашкан айрым мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн төрт бурчунда ийгиликтүү жашоо уюштуруп кеткен мисалдарынан угуп көрүп жүрөбүз. Белгилеп кетчү нерсе, мамлекеттин мектеп окуу программасын иштеп чыккан авторлордун, программаны жактырган чиновниктердин өздөрү да балдарын элдин балдары окуган программа менен эмес, престиждүү мектептердеги программа менен окутуп жүргөнүнөн кабардарбыз.
“Изи жок илим” дегенибиздин себеби, бүгүнкү кыргыз илиминин анык бир максаты, аткарган кызматы, пайдасы менен зыяны коомчулукка белгисиз. “Илим” сөзүн ар адам өз билгениндей чечмелеп, бирөө аны базарда сатылчу буюмдай, экинчиси эртеден кечке тер төгүп жазылуучу же эсептелүүчү өзүнөн башка тирүү жанга пайдасы жок “убаракерчилик”, үчүнчүсү карьера жасоонун жолу катары түшүнүп келишет. Ошондуктан бүгүнкү коомчулук түшүнбөгөн кыргыз илимин шарттуу түрдө “нөлдүк” абалда деп эсептеп, биринчи кезекте “илим” деген терминге тактоо киргизип, анын максаты менен андан күтүлүүчү натыйжаларды аныктап белгилеп алуу керек. Илим биринчи кезекте өлкөнүн жана анын жарандарынын жашоо муктаждыктарын чечүүгө, тиричиликтерин сабаттуу уюштурууга, алардын ордун басуучу татыктуу муунду тарбиялоого кызмат кылары өнүккөн мамлекеттердин мисалынан көрүнүп турат. Мамлекеттин негизги байлыгы “адам ресурстары” деп аталган Кыргызстан сыяктуу чамасы чакталуу өлкөдө максатсыз илим менен билимге каражат жумшоого чек коюуга мезгил жеткендей сезилет. Мындан ары тармактык министрликтер менен ведмостволордун мамлекеттин өнүгүү программасына ылайык илимге болгон муктаждыктарына жараша илимий мекемелерге буюртмалар берилип, илим изилдөөнү өлкөнүн жашоо процессине аралаштыруу менен өлкөнү илимге таянган негиздеги башкарууга өтүү зарыл. Ал үчүн өлкө жетекчилери илимпоз болушу шарт эмес, бирок алардын тармактар боюнча орун басарлары ошол тармактар боюнча илимий маалыматтарды түшүнүп, илимпоздорго тармактар боюнча изилдөө багыттарын белгилеп берүүгө даремети жетсин (!) деген сөз. Илимге негизделген эсеп-кысап жүргүзбөй, “баарын билем” деген “элита” башкарган эси жоктук элибиздин экономикасын жарга такап, акыркы демине жеткиргенде эсибизге келип, өкмөттүн, тармактык министрликтердин аппараттарын иши менен Кыргыз УИАнын тармактык илимий институттарын ишин айкалыштыруубуз зарыл. Сөздүн ток этерин айтканда, “илим” өзүнчө, “өлкө” өзүнчө казандарда кайнабай, бир “мамлекеттин кызыкчылыгы” деген казанда кайнап, мамлекет илимий институттардын потенциалын толук пайдалануу менен мамлекетти сабаттуу башкарууга өтүшү зарыл. Ошондо гана коомчулукка илимдин изин көрүнүп, жашоо турмушунда пайдасын сезип, ага баа бере алар эле.
Илим чөйрөсүн мамлекеттин жашоосуна аралаштырып, анын үзүрүн кагаз отчеттордон эмес, өлкөнүн реалдуу социалдык-экономикалык жашоосунан көрүү үчүн илим тармагын реформалоо зарыл. Анткени азыркы окумуштууларды даярдоо мектебинде илим ачууга ыңгайлуу жагдайларга караганда, илимге тоскоолдук кылуучу бюрократиялык тоскоолдуктар көбүрөөк. Чынында эле “бакалавр”, “магистр” илимий даражалары демократиялаштырылганы менен кийинки “аспирантура” баскычынан баштап илимдин кандидаты, доктору даражаларын берүүдө илим ачууга караганда жетекчиге жагуу, тууганчылык менен жердешчилик факторлору менен жетекчинин кызматын кылып ыраазылыгын алуу сыяктуу салттар илимдеги коррупцияга жол ачып, изилдөөчүлөр билим жөндөмү боюнча бааланбай, жеке кызыкчылыктар боюнча бааланып жаткандай сезимдер пайда болууда. Анткени коомчулукта илимий даражага ээ болгон айрым кесиптештерибиздин коргогон темалары боюнча орто мектептин деңгээлиндеги билимдери жок экени, кандай жана кантип коргогондугу боюнча аңыз кептер, имиш ушактар айтылып жүрөт. Бүгүнкү кыргыз илимпоздорун экиге бөлүп карап жүрүшөт: биринчиси колдон келишинче илимге кызмат кылышып, өмүрүн илимге байлагандар, экинчиси тескерисинче илимди өздөрүнүн жеке пайдасына кызмат кылдырып, өздөрүн илимдеги “элита” деп сезишип, элдин оозун ачыргандар.
Базар экономикасында баардык тармактарга, анын ичинде илимге да атаандаштыкка негизделген тандоо принциптери менен мамиле жасалгандыктан, өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик баарында аспирантура, илимдин кандидаты, доктору баскычтары жоюлуп, илимий даражанын жогорку басычы “Ph.D- доктор” даражасы менен аяктап, кадр даярдоо процессине сиңирген эмгегине, илимий усулдук изилдөөлөрүн актуалдуулугу менен тарбиялаган окуучуларын сапатына жараша доцент, профессор кызмат орундары ыйгарылып келет.
Биздин илимпоздордун илимди сактап калуу, кийинки муунга илимдүү өлкөнү калтыруу чакырыктары менен сары майдай сактап келген эски системадагы илим мектеби өзүн актабай калганы сокурга да маалым болуп, эгемендүү 29 жыл ичиндеги илим менен билимдин дүйнөлүк рейтингдеринен көрүнүп турат. Чынында эле кайсы бир мамлекеттик жашыруун сырды камтып, өлкөнүн коргонуу же социалдык-экономикалык абалын оңдоп жиберүүгө таасир берүүчү кандай илимибизди сактап жатканыбызды билген же көргөн адам жок. Бул багытта кыргыздын маданияты менен тарыхына, тилине байланышкан илимий табылгалар сакталып, жаңы илимий табылгалар менен байытылып жатканынгана белгилей алабыз. Дүйнө коомчулугу базар шарттарындагы атаандаштыкка негизделген социалдык-экономикалык өнүгүү жолу менен баратканда Европа турсун кошуналарыбыз Кытай, Казакстан, Россия тааныган “Ph.D- доктор” даражасына өткөнүнө карабай, өзүбүздү илимди сактап калуучу жалгыз күйөрмандай сезип, илимдеги атаандыштыкка жол ачкан “Ph.D- доктор” илимий багытын тааныбаганыбыз, бизге сыймык же мактоо алып келбей, тескерисинче, акылдуу дүйнөдө “кыргызга боло берет” дегендей шакаба күлкү жаратканын угуп калам. Анткени “Ph.D- доктор” илимий даражасын сактап туруу үчүн тынымсыз эмгектенип, белгилүү бир нормаларды аткарып баруу талаптары коюлуп, бир жолу коргогон илимий даражанын айлыгын түбөлүк жегенге мүмкүнчүлүк берилбейт.
Илимпоздордун эмгегин баалоочу рейтинг көрсөткүчтөрүн аныктоо да Кыргызстандын ички муктаждыктарына керектелүүчү кыргыз тилинде жазылган илимий-изилдөө багыттарына төмөнкү баллдар берилип, кыргыз илимпоздорунун кызыкчылыктары корголбой, СССР мезгилиндеги илимдеги “күнкордук” статусу сакталып калган. Биз сыяктуу мамлекеттерде улуттук илимге башкы орун берилип, өздөрүнүн ички көйгөй муктаждыктарын чечүүгө арналган илимий изилдөөлөргө жогорку баллдар бериле тургандай баалоо системалары иштелип чыгып, дүйнөлүк баалоо системаларын таанытууга карата иш-чаралар жүргүзүлгөнүн айтып калышат. Укканыбызга караганда, аларда өз өлкөсүн социалдык-экономикалык абалы менен өнүгүүсүнө пайдасы тийген гана илимди каржылоого маани берилип, пайдасы тийбеген илим багыттарына формалдуу мамиле жасоо салты калыптангандай көрүнөт. Мындай салтты бизге да жайылтып, мазмунуна карабай барагына 100-200 доллар төлөсөң баса берген рейтинги “жогору” делген коомдук (иш жүзүндө менчик) журналдарга башкы баа берүүнү токтотуу керек. Адам бар жерде кемчиликтер менен чабалдыктарды пайдаланган шылуундук кошо жашап келери тарыхтан белгилүү деңизчи, ошондой болсо да өз илиминин пайдасы менен зыянын, нарк-баркын аныктап баалоого “духу” жетпеген илим чөйрөсүнүн жакшыларына “аман эле болгула” дегенден башка айтар сөз деле жок болсо керек.
Маккамбай МАМАЮСУПОВ, математика боюнча 8 электрондук китептин автору, Ош шаары











