Айымдарга өтө маанилүү кеңештер
Аял кишинин өзүнө болгон ишенимдүүлүгү абдан төмөн же абдан жогору болушу дагы сизге зыяны тийип калышы мүмкүн. Адистер эң жакшысы анын ортосунда болууну сунуш кылат.
Өзүнө баалуулугу төмөн аялдар кантип ишенимдүүлүктү көтөрсө болот?
1. Аял киши өзүнө жаккан башка кызыктуу жумуш менен алек болуу керек.
2. Күнүгө өзүн жаңы, пайдалуу маалыматтар менен камсыз кылып турушу зарыл.
3. Үй ичине ремонт жасаңыз же эмеректердин ордун алмаштырып кооздоңуз.
4. Өзүңүз жасап жаткан кымындай жумуш үчүн дагы мактаныңыз.
5. Бирөөгө көз артканды токтотуңуз.
6. Терс, жагымсыз жагдайларды эс тутумда калтырбоого аракеттениңиз.
7. Башка бирөө менен өзүңүздү эч убакта салыштырбаңыз.
8. Ар бир эле адамга капаланып, себепсиз таарынууну токтотуңуз.
9. Кечиримдүү болуңуз.
10. Өзүңүздү сыйлап, сүйүңүз.
11. Өз алдынча болууга аракеттениңиз.
12. Кандай гана кырдаал жаралбасын, токтоолук керек, ачууга алдырбай кабыл алыңыз!
"Азия Ньюс" гезити